Акыркы макалалар

Чагымчылар көбөйсө элдин шору

Чагымчылар көбөйсө элдин шору

Акыркы жылдары Орто Азиянын жүрөгүн ээлеген үч мамлекеттин – Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын ортосундагы геосаясий абал улам чыңалып бараткандыгы жалпы коомчулуктун тынчын ала баштады. Буга, биринчи кезекте, жыйырма жылдан ашуун мезгил бою такталып бүтпөгөн ортодогу чек аралар таасир этсе, экинчиден, суу-энергетикалык, экономикалык байманалардын тартыштыктары орчундуу себеп болууда.

Коңшулардын мындай өз ара саясий-экономикалык ыйкы-тый¬кы¬¬лыгы алыс-жакын, өзгөчө регионго көзөмөлдүк жасоо аракетиндеги айрым державачыл амбициялары ашынган өлкөлөрдүн ки鬬лигишүүсүнө да мүмкүнчүлүк берүүдө.

Ансыз да Рогун жана Камбар-Ата ГЭСтери боюнча ири долбоорлорго Өзбекстан кызганычтык менен мамиле кылып турганда, эми жыл жаңырары менен Сок жаңжалы чыга калып, кырдаалды ого бетер курчутту жана чукулунан араздашууга дагы бир кадам жасалды. Мындай абалды күтүп турган тигил тышкы оюнчулар маалымат согушун уюштуруп, эки ортого дембе-дем от ыргыта башташты. Алардын бири 2013.24.01. “EurasiaNet” маалымат сайтына жарыяланган “Узбекистан-Кыргызстан: Пограничный конфликт как политический экзамен для Каримова” аттуу макаладан көрүнөт. Анда белгисиз автор “Узбекистан и Кыргызстан сошлись в остром военно-политическом противостоя¬нии в многонациональной Ферганской долине, ведя сражение за границы и изолированные эксклавы” деп “Самаркандан саман учуруп жазган.

Автордун жана ага окшогондордун пикири боюнча, “өзбек куралдуу күчтөрү жана чек ара кызматы чек аранын аркы бетиндеги өз кесиптештери менен күч сынашкысы келет жана аларды 2010-жылдын июнунда 400дөн ашуун өзбек улутунун өмүрү кыйылган массалык кагылышуунун күнөкөрлөрү катары айыпташат. Сок жаңжалы, чындыгында, өзбек жана кыргыз аскерлеринин арасындагы эски кектин улантылышы болуп саналат” имиш. Ал ошол эле учурда, кыргыздарды тукуруп, «Они не боятся потенциального военного вторжения со стороны Узбекистана и готовы стоять до конца» деген пикирин таңуулайт.

Эгерде арам ойлуу макала, маектер ушинтип байма-бай чыга берсе, мындай маалымат согушу чындап эле эки аскердик күчтөрдү кой, бүтүндөй эки мамлекетти, байыртан коюн-колтук жашап келген, дини, тили бир эки элди кагыштырганга жол ачып салчудай. Мындай чагымчылдыкты биз айтып-деп келген тышкы күчтөр качантан бери күтүп, уюштура албай келатышы да толук ыктымал. Бирок, кырдаал кандай маанайда өнүкпөсүн, аскердик союздаштыктан (ОДКБдан) чыга берип, АКШны жандап калган коң¬шулардын позициясынан азырынча шек санаш ашыкчалык кылаар. Анын үстүнө региондогу удулдуу геосаясат үчүн баа¬ры менен достошууга даяр Америка кошмо штаттары башкы максаты – кайсы бир өлкөгө жардам бериш эмес, дүйнөдө глобалдык лидерлик стратегияны кармоо экендигин жашырышпайт. Андыктан, кыргыздын кеменгер макалын эске алып, алыскы “тууганга эмес, жакынкы коңшуга” ишенген дурустур.

Эң башкысы- элдик жана мамлекеттик дипломатиянын жардамы менен эки коңшулаш улуттун ортосуна ынтымактын үрөнүн чечүү аракеттерин жайылтууну ыкчамдатуу зарыл экендигин турмуш көрсөттү. Анткени мамлекеттик ийкемсиз саясаттын айынан ушу тапта Фергана өрөөнүнүн кыйла эли азап чегип, бушайман тартып жатканы ырас. Анклав курчоосунда калгандардын бири азык-түлүк, ширеңкеге жетпесе, экинчиси үйүнө жетпей, чек аранын, мамлекеттик курулай амбиция менен араздашуунун курмандыгы болушууда.

Акыркы маалыматтарга караганда, ортодогу түшүнбөстүктөр акырындап жоюлуп, эки өлкөнүн жетекчилери колдон келген аракеттерди көрө баштады. Өткөн жумадан тартып кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек аралары боюнча ыйгарымдуу органдардын жетекчилери, демаркация, делимитация боюнча комиссиялар сүйлөшүүлөрдү жүр¬¬гүзүп, туңгуюкта калган Бөжөй айылына, Барак, Сок, Шахимардан анклавдарына жолдор ачылып, гуманитардык жардамдар киргизиле баштады.

Адистердин айтымында, эми эл арасы тынчыса, маселе жашоого, экономикалык байланыштар үчүн зарыл чек ара пункттарынын, темир жолдордун ачылышында турат, андан соң, этабы менен, өзгөчө чырдуу чек аралар боюнча тактоолорду кечиктирбестен жасоо керек. Мунун ичинде, мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытовдун билдирүүсү боюнча, “Достук” автожолу бар, ал эми “Кызыл-Кыя”, “Шамалды-Сай” жана “Кара-Суу” темир жолдору адаттагысындай иштеп баштады.

Эске сала кетсек, мындай убаракерчилик айтылуу жаңжалдан кийин Өзбекстандын бийлиги чек ара, темир, автожолдорду жаап салгандан улам келип чыккан эле. Эгерде учурку кырдаалды жакшы жагына түкшүмөлдөсөк жана мамлекет жетекчисинин сөзү жөн жерден айтыла бербейт деген ишенимге келсек, Ислам Каримовдун 10 күн мурда өз элине “Иншалла, мен тажик, кыргыз эли менен араздашууга негиз болуп жаткан ушул маселелерди (чек ара-авт.), тоскоолдуктарды жана себептерди жойгонго сөз беремин” деген эле. Азырынча бул багытта маалыматтык жымжырттык өкүм сүрүүдө, бирок, “Жолду баскан арбытат” демекчи, ынтымак, коңшулаштык ырк, ымала үчүн жолду баса берген оң.

Азимжан ИБРАИМОВ, “Кыргыз Туусу”

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...