Акыркы макалалар

Бишкекте тогуз коргоол боюнча чемпионат өттү

Бишкекте аялдар жана эркектер арасында тогуз коргоол боюнча чемпионат өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган турнирде улуттук спорттун түрүнөн жана элдик оюндар боюнча мелдеш адистештирилген жаштар спорттук мектебинде болуп өттү.

Чемпионат швейцариялык систем боюнча 7 айлампадан туруп, командалык жана жекелик түрдө эсеп менен чыгарылган. Маалыматка ылайык, 1-2-орунду ээлеген спортчулар 25-февралдан 8-мартка чейинки Ысык-Көл облусунда өтүүчү өлкөлөр аралык чемпионатка катышмакчы.

Жекелик эсеп боюнча эркектер арасында алтын медалды Анарбек Джамакеев ээлесе, айымдар арасында Айтурган Максатбек кызы жеңди. Командалык эсеп менен эркектер арасында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы, ал эми аялдар арасында - Кыргыз Улуттук университети жеңди.

Жалпысынан мелдешке 76 адам катышып, анын ичинен: 40 эркек жана 36 аялды түздү.

Аталган иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...