Акыркы макалалар

Депутат Артыков кайрадан Сарпашевдин маселесин көтөрүп чыкты

Бүгүн, 5-февралда парламенттин жалпы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Анвар Артыков кайрадан Биринчи вице- премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин маселесин көтөрүп чыкты.

Анын айтымында, Биринчи вице- премьер-министр Ошко иш сапары менен барганда Кара-Суу жана Араван райондорун Луганск жана Донецк менен салыштырып сүйлөгөндүгү тууралуу шайлоочулардан телефон чалуулар болууда.

"Ал чагымчыл багыттагы сөздөрдү сүйлөгөндүгүн кечээ ЖМК аркылуу мойнуна алды. Бирок мен андай мааниде айткан эмесмин, башкача түшүнүп алышты деп андан дагы катуу сөздөрдү айтып алды. Буга чейин Кара-Суу жана Араван райондорунун биз өзүнчө автономдуу облус болобуз деген сөздөрүн эч качан уккан эмеспиз. Бул маселени талкууга алышыбыз керек",- деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...