Акыркы макалалар

Чолпон-Ата шаарынын мэри шайланды

Ысык-Көлдө Чолпон-ата шаарынын мэри болуп Болот Бакиров шайланды. Бул тууралу КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облустук ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматта шаардык кенешинин депутаттарынын жалпы саны 21 депутат бүгүнкү жыйынга толугу менен катышышты. Шаардын мэрлигине премьер министр тарабынан 3 талапкер сунушталган. Алар Бакиров Болот Саякович,(Республика партиясы) Алиев Бактыгул Исаевич, (КСДП), Жукешов Мирлан Кубанычбекович (Улуу Кыргызстан). Мэрди шайлоо 2 тур менен өткөн. Биринчи турда эки талапкер 8 добуштан алышты, ал эми экинчи турда Бакиров Болот -11 добуш, Жукешов Мирлан 10 добуш алуу менен, Чолпон-ата шаарынын мэри болуп Бакиров Болот шайланды.

Бакиров Болот- 1977жылы Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Акыркы мезгилде №3 мамлекеттик резиденцияда, муниципалдык кызматта 4 жыл эмгектенген.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...