Акыркы макалалар

М. Сабиров өкмөттүн ишине нараазы экенин билдирди

«Республика» фракциясынын лидери Максат Сабиров 4-февралда Жогорку Кеӊештин пленардык жыйындарына тышкы жана ички миграция көйгөйлөрүн, «Таза суу» долбоору боюнча маселени талкуулоону сунуштады. Бул тууралуу "Республика" фракциясынан маалымдады.

М. Сабировдун айтымында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесинде Өкмөт Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат. Мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат жана социалдык-экономикалык чөйрөдө бирдиктүү мамлекетик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат деп жазылган. Бирок иш жүзүндө айтылгандар Өкмөт тарабынан так аткарылбай, социалдык, экономикалык жана маданий тармактарда жүргүзүлүп жаткан саясаты чаржайыт болуп жатат.

«Республика» фракциясы бир айдын ичинде өзүнүн жыйындарында бир катар көйгөйлүү социалдык маселелерди көтөрүп, спорт, калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тышкы жана ички миграция көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты. Бардык чечимдерде Өкмөттүн ишине канааттандырарлык эмес деп баа берилген», - деди депутат.

Азыркы кезде, депутаттын айтымында, ички миграция Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү, ал эми тышкы миграция Тышкы иштер министрлигинин кармагында.

«Бирок иш жүзүндө Каттоо кызматы ички мигранттарды каттоого гана алып, ички миграция боюнча иш алып барган бир дагы орган жок», - деди ал.

Буга байланыштуу М.Сабиров көтөрүп чыккан маселелерди талкуулоо үчүн парламенттин февраль айындагы календарлык планына киргизилди.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...