Акыркы макалалар

Э.Каптагаев: “ С. Жапаровду сотко бере элекмин”

"Бүгүнкү күндө Садыр Жапаровду сотко бере элекмин. Сотко бербей жатышыма 2 нерсе себеп болууда. Бирок, материалдарды даярдап койдум", - деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев.

Анын айтымында: “Биринчиден, Жапаровдун китебин таба албай жатам, бирок табылып калаар. Экинчиден, Жапаровду сотко бергенде деле ал өзү жок, сот баары бир ишти карабайт. Бирок, мен С. Жапаровго бир мүмкүнчүлүк бердим. Ошол айткандарын далилдеп берсе, мен саясаттан да, жумуштан да кетээримди ачык жарыя кылдым. Учурда Каптагаевди саясаттан кетирүүгө Жапаровдо ачык шанс турат. Бирок, ошону жасай албай турганына жүз пайыз ишенем. Карандай калпты жазып, анан элге далилим бар, далилдейм деп айгай салгандын өзү, адам катары, пенде катары анын жүзүн көргөзүп жатат”, - дейт Э.Каптагаев.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...