Акыркы макалалар

ЖКнын тармактык комитетинде 2014-жылы республикалык бюджетин аткаруу тууралуу маалымат угулду

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, бир катар жагдайлар эске алынуу менен макроэкономикалык көрсөткүчтөр андан мурдагы жылга салыштырмалуу азыраак пландалганына карабастан, бир аз өсүш болгону байкалды. 2014-жылы өлкөнүн ички дүӊөнүмүнүн көлөмү 297,3 млрд сомду түзүп, экономикадагы иш жүзүндөгү өсүш 3,6 пайыз деӊгээлинде белгиленди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан алганда, 2014-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө 108 млрд 675 млн сом өлчөмүндө каражат түшсө, анын ичинде 95 млрд 856 млн сом киреше алынган. Ал эми салык кирешелер 70 млрд 945 млн сом болсо, анын ичинде Бажы кызматынын үлүшү – 42 млрд 586 млн сом, Салык кызматынын үлүшү – 28 млрд 359 млн сом, ал эми салык эмес кирешелер – 24 млрд 354 млн сом.

2014-жылы республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү 102 млрд 544 млн сомго аткарылып, бюджет каражатынын калдыгы 6 млрд 130 млн сомду түздү. Бюджеттин корголгон статьясы 68 млрд 452 млн сомго же 99,2 пайызга, ал эми корголбогон статьялар 8 млрд 734 млн сомго же 95,1 пайызга каржыланган.

Талкуу жыйынтыгында комитет мүчөлөрү КР Өкмөтүнө өткөн жылда бюджетти аткаруунун жүрүшүндө кетирилген кемчиликтерди эске алуу менен ушул жылдын бюджетинин аткарылышын жакшыртуу, республикалык бюджеттин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу чараларын көрүү жаатында бир катар сунуштамаларын берди.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...