Акыркы макалалар

Оторбаев Нарындагы ГЭС курулушу менен таанышат

Бул тууралуу “Азатыкка” Нарын райондук администрациясынын жетекчиси Түгөлбай Жанбоев билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчысы бүгүн Жогорку Нарын каскадынын курулуш иштери менен таанышат.

- Эки жылдан бери курулуп жаткан убактылуу шаарчанын, кичи заводдордун курулуштары бүткөн. Быйылтан баштап ГЭСтин плотиналары жана каналдары курулат. Өкмөт башчы ушул иштер менен таанышат, - деди Жанбоев.

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС курулат. Аны Орусиянын “Русгидросу” менен Кыргызстандын “Электр станциялары” ишканасы куруп жатат. Долбоорду толугу менен орус өкмөтү каржылайт.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Нарынга болгон сапарында кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бажы өтмөгүнүн ишмердүүлүгү менен да таанышты.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...