Акыркы макалалар

Мусулмандар конференциясы Ошто уланды

Мусулмандар конференциясы Ошто уланды

Бишкек шаарында болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк мусулмандардын конференциясы 12-сентябрь күнү Ош шаарында ишин улантты. Жыйынга Президенттин кеңешчиси, Кыргызстан азирети Муфтийинин орун басары А.Нарматов, Сауд Аравия республикасынын королунун кеңешчиси Салих ибн Салим, Куддус шаарындагы Аль- Акса мечитинин имамы, Шейх Али Умар жана бир топ ислам илиминин аалымдары, жергиликтүү дин кызматкерлери катышышты.

Конференциянын жалпы максаты тууралуу маалымат берген Абдышүкүр Нарматов мамлекеттин негизги көйгөйү деп төрт критерийди санап өттү. «Мамлекетибизде болуп жаткан терс көрүнүштөргө негизги төрт нерсе себеп болууда. Биринчиден, үй-бүлөдөгү таалим-тарбиянын начар абалга түшүп кетиши. Ата-бабаларыбыздын калыптанып калган турмуш эрежесинде эне – ар бир үйбүлөнүн таалим тарбиячысы, мугалими, нравалык баалуулуктардын соолбос булагы катары кызмат кылчу. Азыркы мезгилде бул баалуулугубуз өз нугун жоготту. Экинчиден, мектептеги мугалимдердин чала сабаттуулугу. Эгер мугалим адамгерчиликтүү сапаттарды баштап өзү жогору баалабаса, туу тутпаса, ошонун ичинде жашабаса, аны эч качан башкаларга үйрөтө албайт. /чүнчүдөн, мечиттердин адеп-ахлактуу коом курууга активдүү катыша албай жатышы. Кудайга миң мертебе шүгүр дейли, башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде дин тутуу эркиндиги бир топ жогорку деңгээлде камсыздалган. Эч бир жаранга мечитке барып намаз окуганы үчүн биздин өлкөдө тыюу салынбайт. Ага карабай мечиттерибиздин иш аракети чектелүү бойдон калып баратканы өкүнүчтүү. Ал эми төртүнчүдөн, маалымат каражаттарында көрсөтүлүп жаткан программалардын начардыгы. Биз үй-бүлөдө, мектепте, мечиттерде канчалык көп аракет жасап, коомду аруулукка чакырганыбыз менен айрым телекомпаниялардын 1 сааттык көрсөтүүсү менен жалпы жаштарыбыз туура эмес жакка бурулуп кетүүдө. Ошондуктан, мына ушул төрт тарап бири-бирин кубаттаган комплекстүү иш чаранын негизинде аракет жасабаса коомубуздагы терс көрүнүштөрдөн арыла албайбыз»,-деди А.Нарматов.

Саудия королунун кеңешчиси Салих ибн Салим өз сөзүндө Орто Азия өлкөсүнөн чыккан аалымдардын таржымалыма токтолуп, тектүү элдин урпактары ислам динин көтөрүп кетүүгө толук шарты бар деген оюн билдирди. «Силер бир кезде ислам динин жер жүзүнө жайылткан эң күчтүү аалымдардын урпактарысыңар. Силердин ата-бабаңар исламдын ыйык парздарын туу тутуп, жан дили менен Куран, Сүннөт, Шарияттын ичинде жашады. Качан гана мына ушул баалуулуктардын ордун дүйнөлүк кызыкчылыктар ээлеп алганда башка элдерге көз каранды болуп, натыйжада 70 жыл кыйналдыңар. Эми гана колуңарга тийген эгемендиктин баасын, баркын сезгиле. Жаныңардагы коңшу өлкөлөрдөн өрнөк алгыла. Ал жердин мусулмандарында мечитке каттоо, ар тараптуу билим алуу укугу жок. Демек, силер Аллах насип кылган бул мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланып, Ислам дининин оожалуусуна салым кошсоңор болот»,-деди Салих ибн Салим.

Ал эми кан күйгөн жерде (Палистина) байыр алган Аль-Акса мечитинин имамы, атактуу ислам аалымы Шейх Али Умар болсо Кыргызстандагы жасалып жаткан иштерге ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттик бийликке, жетекчилерге ислам динин жеткизүү жагынан колдоо көрсөтүү керектигин баса белигиледи. «Биздеги маалыматтар боюнча Кыргызстанда эки жолу күч менен бийлик алмашуу болуп өтүптүр. Сырткы күчтөрдүн тукуругу менен улуттар аралык жаңжал да болуп кетиптир. Азыркы жетекчилер менен бул багытта кеңири баарлашууга мүмкүнчүлүк болду. Жалпы окуялар тууралуу маалыматтарды алгандан кийин менде бир гана ой пайда болду, бул мамлекетте чыр-чатактын чыгышына эч кандай негиз жок экен. Дин душмандары жалпы мусулман бир туугандарыбызды иш аракеттерине көзү күйүп, ар түрдүү провокацияларды жасап жатыптыр. Мамлекет башчыларын колдоого алып, алардын түшүнбөгөн жерлерин түшүндүрүп, бул өлкөнү гүлдөтүүгө ар бир мусулман милдеттүү. «Мусулмандардын укугу тебеленүүдө, биз Халифат курабыз, шайлоолорго катышпайбыз!» деген сандырак ойлор чындыкка таптакыр туура келбейт. Бул багытта мени менен дискуссияга чыгууну каалагандар бар болсо, мен даярмын. «Халифат курабыз» деген шылтоо менен бизди ислам душмандарынын капканына салып бергиси келгендерге Аллахтын наалаты болсун! Кыргызстанда мусулмандар үчүн эч кандай тоскоолдук жок экенине толук көзүбүз жетти. Дүйнөнүн менмин деген аалымдары Кыргызстандагы Ислам дининин абалына ыраазы болуп, эң жакшы баасын берүүдө»,-деди Шейх Али Умар.

Конференциянын соңунда жалпы Кыргызстан мусулмандарын биримдикке жана ынтымакка чакырган резолюция кабыл алынды. Иш чараны уюштурууга жакындан жардам көрсөткөн «Адеп башаты» коомдук прогрессивдүү фондуна, анын төрагасы Марс Ибраевге жалпы делегация тарабынан алкыш сөздөр айтылып, ак баталар берилди.

Т.Алдакулов

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...