Акыркы макалалар

ЖК: Депутаттар « Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү» боюнча азиялык форумга катышты

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей депутат Ирина Карамушкина менен Надира Нарматова, Социалдык саясат боюнча комитеттин бөлүм башчысынын орун басары Дамира Иманалиева Бангкок шаарында (Таиланд) өткөн Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин азиялык форумунун – БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун Улуттук комитеттеринин адвокаттык иштерди пландаштыруу боюнча төртүнчү ар жылдык жолугушуусуна катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей депутат Ирина Карамушкина менен Надира Нарматова, Социалдык саясат боюнча комитеттин бөлүм башчысынын орун басары Дамира Иманалиева Бангкок шаарында (Таиланд) өткөн Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча парламентчилердин азиялык форумунун – БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун Улуттук комитеттеринин адвокаттык иштерди пландаштыруу боюнча төртүнчү ар жылдык жолугушуусуна катышты.

Форумдун ишине Азия-Тынч океан аймагынын 23 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Уюмдун төрагасы Кейзо Такеми иштин жаӊы багыттары менен кызматташтык милдеттерин белгиледи. Ал 2015-жылдан кийинки мезгилде өнүгүү программасынын алкагында Азия-Тынч океан аймагындагы маанилүү маселелерге Улуттук комитеттер менен уюмдун өкүлдөрүн тартуу чараларына катышуучулардын көӊүлүн бурду. К.Такеми аймактагы калкты жайгаштыруу маселелери менен катар сексуалдык, ден-соолуктун репродуктивдүүлүгү сындуу маселелерди көтөрүү демилгелерине парламентчилердин жакындан катышуусуна токтолду.

Депутат И.Карамушкина өз баяндамасында Кыргызстандын «Жарандардын репродуктивдүүлүк укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорун алып чыгуу жаатындагы таржырыйбасы тууралуу сөз кылды. Ал айрым парламентчилердин мыйзам долбоорунда камтылган негизги түшүнүктөрдү кабылдагысы келбегени башкы кыйынчылыктардын бири болгонун белгиледи. Ага «сексуалдык ден-соолук жана билим берүү», «карын эне» деген сындуу түшүнүктөрдү мисал келтирди. «Жарандардын репродуктивдүүлүк укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиктери жөнүндө» мыйзам 2000-жылы кабыл алынып, андан соӊ бир нече жолу түзөтүүлөр киргизилген. 2009-жылы аны ишке ашыруу жүрүмүнө мониторинг жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында депутаттар менен эксперттер тобу кыйла өркүндөтүлгөн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечимине келген.

Мыйзам азырынча кабыл алына элек. Ал эми Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында боюнан алдыруу саны өсүп барат», - дейт И.Карамушкина. Жолугушуу соӊунда Азия-Тынч океан аймагында жайгашкан өлкөлөрдөгү калкты жайгаштыруу маселелери боюнча андан аркы иш пландарды биргелешип ишке ашыруу жаатындагы өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынды.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...