Акыркы макалалар

Президент "Кыргыз тили" окуу китебин чыгаруу үчүн каражат бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев атайын жалпыга билим берүү мектептери үчүн "Кыргыз тили" окуу китебин чыгаруу үчүн каражат бөлдү. Бул тууралуу президенттин аппарататынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент кол койгон буйрукка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларындагы көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпыга билим берүү мектептери үчүн Брайль шрифтинин жана жалпак ири шрифттин базасында 1-11-класстарга "Кыргыз тили" окуу китебин чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фондунан 800 000 (сегиз жүз миң) сом бөлүндү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...