Акыркы макалалар

Ысык-Көл облусунда “2012-жылдын мыкты уюштуруучусу” аныкталды

Каракол шаарында 22- 23-январда облус аймагындагы баардык мектептердин тарбия иштери боюнча уюштуруучуларынын арасында “2012-жылдын мыкты уюштуруучусу” номинациясы боюнча кароо сынак өткөрүлдү. Ага облус ичинде14 тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө кароо-сынак жыл сайын облустагы мектептер арасында өткөрүлүп турат. Аны областык билим берүү институту жана облустук өспүрүмдөр жана балдар чыгармачылык борбору уюштурду. Кароо-сынактын баш байге сыйлыгына кыргыз тилдүү мектептер арасында Түп районунун Коралиев орто мектебинин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Жумагул Жумабекова ээ болду. Ал эми орус тилдүү мектептер арасында баш байгени Түп районунун Мамырканов орто мектебинин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Медергүл Сооронбаева татыктуу болду.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...