Акыркы макалалар

Депутат Эркингүл Иманкожоева: «Жакында эле Түркияда жылыга 100 кыргыз жаранына акысыз операция жасоо маселеси биржаӊсыл чечилипт

Түркия жылыга оор дартка чалдыккан 100 кыргыз жаранына акысыз операция жасоо нитетин билдирген. Тилекке каршы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы жетекчилеринин кош көӊүл мамилесинен улам ушул кезге чейин эки тараптуу келишим түзүлгөн эмес. Бул тууралуу депутат Эркингүл Бекматов Бекматов Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди. «Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине ыракмат, жакында эле жаӊы жетекчилик менен бирге ал маселе биржаӊсыл чечилиптир. Бул тууралуу элчи Ибраим Жунусов кабарлады. Буюрса, эми оор дартка чалдыккан жарандарыбыздын абалы кыйла жеӊилдей баштайт. Жакшыны жакшы деш керек, баардык жетекчилер менен элчилер ушундай иш алпарууга тийиш», - дейт депутат.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...