Акыркы макалалар

МЕКТЕПТЕ ӨРТ ЧЫКТЫ

Ат-Башы районунун Большевик айылынын орто мектебинде үстүбүздөгү жылдын 23-январь күнү таңкы саат 6дан 59 мүнөт өткөндө өрт чыкты. Бул боюнча Ат-Башы райондук ӨКМКБнүн №45 өрткө каршы бөлүгүнүн «101» байланыш түйүнүнө Баш-Кайынды айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Шадыбеков уюлдук телефону аркылуу билдирген. Нарын облустук ӨКМКБнын ӨААБнүн улук инспектору улук лейтенант А.Баймурзаевдин маалыматында, Большевик айылындагы Апыш Табылдиев атындагы орто мектебине 7ден 30 мүнөт өткөндө Ат-Башы райондук ӨКМКБнүн №45 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өрт өчүрүү тобу жетип, чалгындоо иштери менен бирге, өрттү өчүрүүгө киришкен. Өздүк курамга орто мектептин эмгек жамааты менен жергиликтүү калк жардам берип, өрт толугу менен 10 саат 14 мүнөттө өчүрүлүп бүткөн. Андан соң калдыктарды тазалоо иштери аткарылган. Тилсиз жоонун кесепетинен үч китеп койгуч, эки люстра, бир окуучулук такта, эки терезе, бир эшик, класс бөлмөсүндөгү көргөзмө куралдар, бир кийим илгич, жети метрлик эки стропила, 20 кв метр фанера, 128 метр рейка, төрт метр квадрат жыгач дубал күйүп, зыянга учураган. Өрттүн жалпы аянты 40 чарчы метрди түзгөн. Өрттөн жабыркаган адамдар болгон эмес. Өрт электр жабдууларынын кыска чыңалуусунан келип чыккан. Өрттөн келген материалдык чыгым азыркы учурда такталууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...