Акыркы макалалар

Бакыт Бакетаев:"ЖКга дагы аялдар келиши керек"

Мындай пикирин саясий серепчи Бакыт Бакетаев "Саресеп" маалымат порталына Индира Жолдубаеванын Баш прокурорлукка дайындалышы тууралуу билдирди.

"Бул кызматка жаш кадр, жана кайрадан айымдын келиши мамлекет үчүн жакшы болду. Анткени экономикалык жактан өнүккөн Норвегия, Щвецария ж. б мамлекеттерди алып карасак, бийликте, парламентте көпчүлүк пайызы айымдар иштейт. Норвегиянын коргоо министри дагы аял. Деги эле сереп салып келсек, айымдар жетектеген мамлекеттер экономикалык жактан өнүгүүгө ээ болушкан. Кийинки шайлоодо дагы Жогорку Кеңешке аялдар келиши керек. Эркектер кыла албаган нерсени аялдар жасап жатышат. Аял баары бир эне да, мамлекетти жакшы карап жакшы багат. Ал эми Индира Жолдубаева жөнүндө бийликтин гана буйргун аткарат деген сөздөр айтылып жатат. Мен тескерисинче айтат элем, себеби тажырыйбасы көп адамды деле бул кызматка алып келсең ошол адам тескерисинче бийликтин сөзүнөн чыга албайт. Ал эми бул жаш кадр өзүнүн жаңыча бир ишин алып барганга аракет кылат. Индира системалуу реформа жүргүзсө жакшы болот".

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...