Акыркы макалалар

Эртең Ошто бильярд боюнча турнир башталат

30-январдан 1-февралга чейин Ош шаарында эркектер арасында бильярд спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу шаардык администрациянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалымат боюнча, катышуучуларды каттоо үчүн 29-январда башталат. Ошондой эле турнирде дүйнөлүк чемпионаттын финалдык бөлүгүнө эки жолдомо ойнотулмакчы. Уюштуруучулардын айтымдарында, бул турнир Ош шаарында биринчи жолу өткөрүлүп жатат.

Чемпионаттын уюштуруучуларын, КРнын бильярд спортунун президенти Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу катышат. Турнирде рефери катары эл аралык деңгээлдеги арбитрлар чыгышат.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...