Акыркы макалалар

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты турак жай курулуштарын жүзөгө ашырган жана курорт-ден-соолук тармагында кызмат көрсөткөн чарба субъекттеринен салык алуунун системасын оптималдаштыруу жана салык башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

Мыйзам төмөндөгү маселелерди чечүүгө багытталган:

- субъекттердин жеке жоопкерчилигин жогорулатууга;

- салык алуудан качуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга;

- мамлекеттик бюджетке кирешелерди көбөйтүүгө;

- курулуш уюмдары менен фискалдуу органдардын ортосундагы болгон карама-каршылыктарды чечүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...