Акыркы макалалар

Абдырахман Маматалиев: Ар ким өз көйгөйү менен жападан жалгыз калбашы керек

Кечээ, 27-январда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Баткен облусунун чектеш районунда 2014-жылдын 7-майында орун алган чатактан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына келтирилген материалдык чыгымды кайтаруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Баткен облусундагы чектеш райондогу чатактын натыйжасында Кыргызстанга 7 млн сом өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

"Баткен районунун тургундары тажик тарап аркылуу чыгым орду тургузулганча, келечекте каражатты кайрып берүү шарты менен зыяндын белгилүү бөлүгүн тургузуп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул маселени чечүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайм", - деди Абдырахман Маматалиев.

Андан соң өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк подразделение жетекчилеринин маалыматы угулуп, аталган маселени чечүү мүмкүндүгү боюнча сунуштарды киргизүү чечими кабыл алынды.

"Ар ким өз көйгөйү менен жападан жалгыз калбашы керек. Биз буга жол бербейбиз", - деп жыйынтыктады Абдырахман Маматалиев.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...