Акыркы макалалар

Бишкекте Ленинград блокадачылары эскерилди

Бүгүн Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасынын 70 жылдыгына байланыштуу иш-чара болду. Бул тууралуу шаар бийлигинин маалымат кызматы кабарлады. Митинг реквиемге коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери жана калаа жетекчилиги катышты.

- Ленинград блокадасы – жалпы адамзат тарыхындагы эң трагедиялуу гана эмес, адамдардын чыдамы менен эрдигине баа бере турган окуя. Баарыңыздарга ден соолук, күч-кубат жана бакыт каалайм. Ленинградчылардын эрдиги урпактардын жүрөгүндө түбөлүк сакталсын! – деди иш-чарага катышкан калаа мэри Кубанычбек Кулматов.

Ленинград 1941-жылдын сентябрь айынан тартып фронт-шаарга айланган. Гитлердик аскерлерге калааны жер менен жексен кылуу буйругу берилген. Блокада 1944-жылдын 27-январында cовет жоокерлери тарабынан талкаланган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миңден ашуун адам Кыргызстанга көчүрүлгөн. Алардын арасында 3,5 миң бала болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...