Акыркы макалалар

СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин мааракеси белгиленет

Кыргызстанда атактуу балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 65 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Мааракени белгилөөнүн алкагында Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 7-февралда Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү" деп аталган балети көрсөтүлөт. Ага Татарстандын, Кубанын, Казакстандын алдыңкы балет чеберлери катышмакчы.

Мындан тышкары 8-февралда чет өлкөлөрдөн келген коноктордун жана Кыргызстандын искусство чеберлеринин катышуусунда гала-концерт өткөрүлөт.

Маалымат үчүн

Чолпон Базарбаев (1949-2002) Кыргызстандын улуттук маданияты менен искусствосуна баа жеткис салымын кошкон инсан. Ал 1949-жылы 4-февралда Нарын областынын Кочкор районунун Чолпон айылында туулган. Бир катар сыйлыктардын ээси. 2002-жылы 2-сентябрда жол апаатынан көз жумган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...