Акыркы макалалар

Чүй областында өткөн жылы мектеп рэкети боюнча 79 факты катталган

2014-жылдын 12 айында Чүй областында мектеп рэкети боюнча 79 факты катталган. Бул тууралуу 27-январда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Чүй областынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Батырканов билдирди.

Анын айтымында, Чүй областында 347 мектеп бар, аларда 279 188 бала окуйт.

"Мектеп окуучулары менен жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциянын кызматкерлери иш алып барат. Жалпысынан статистика боюнча бир кызматкердин көзөмөлүнө 5 557 жашы жетек элек өспүрүм туура келет. Кадрлардын жетишсиздигинен бул багытка дагы 50 адис жөнөтүлдү",-деп белгилеп өттү Батырканов.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...