Акыркы макалалар

Дүйнө дүрбөлөңүнө айланган терроризм

Дүйнө дүрбөлөңүнө айланган терроризм

Ырас, аалам алкагында ар түркүн маселелер күн санап, саат санап эмес, ирмем сайын жаңыланып турат. Мамлекеттер аралык талаш-тартыштар, кургакчылык, табигый кырсыктар, ж.б. мунун баары көйгөй. Бирок, учурда эң эле башкы көйгөйгө айланып бара жаткан бул - терроризм. Кечээ жакында эле Франциядагы «Шарл Эбдо» журналынын иш кеңсесинде болуп өткөн теракт, СУАРдагы (СинЦзян Уйгур автономиялуу республикасы) окуя, Африканын айласын кетирип жаткан Нигериядагы «Боко-Харам» уюму, Борбордук Азиядагы эң кооптуу уюм делген ӨИК (Өзбекстан ислам кыймылы), Афган-Пакистан аймагындагы Талибан кыймылы, анан албетте азыркы анык баш оору ИЛИМ (Ирак Леванттын Ислам Мамлекети) деп аталып, Сирияда согуш жүргүзүп жаткан топ мунун айкын далили.

Ооба, терроризм бүгүн бүтүндөй дүйнөнү дүрбөлөңгө салып туру. Бутагын улам кеңири узартып, кулачына бүт ааламды алып бараткан бул коркунучтан Кыргызстан да сыртта эмес. Биздин өлкөдө да бул маселе абдан курч бойдон турат. «Жихадчылар” деген термин менен өздөрүн атап алышкандар биздин өлкөдө да арбын. Жиха́д ( араб тилинен «күч») — Аллахтын жолунда аракет дегенди түшүндүргөн исламдагы түшүнүк. Бүгүнкү жихадчылар болсо бул сөздүн чыныгы түшүнүгүн тескери буруп алышты. Жихад деген атты жамынып алышып, алар тоноого, өлтүрүүгө, мамлекеттик мекемелерди жардырууга, жада калса өз мекенинде согуш баштоого даяр. Жихадчылардын курмандыгы ар ким болушу мүмкүн, жада калса алардын катарына кошулбаган кудай деген мусулман дагы.

Бир мисалын алалы. Мына ушул жихадчылардын колунан набыт болгондорду Кингз-колледждин изилдөөчүлөрү Лондон менен Би-би-си бүткүл дүйнөлүк кызматында эсептеп чыгышкан. Анда 2014-жылы ноябрда 664 чабуулдун натыйжасында 14 мамлекетте 5042 адам өлтүрүлгөнү анык болгон. Бул орточо эсептегенде бир күндө -168 кишини өлтүрүү дегендик. Курмандыктардын 80% негизинен төрт мамлекетке туш келет – Ирак, Нигерия, Сирия жана Афганистан. Үрүмчү менен Түндүк Кавказдагы теракттарды да Сириядан окуп келген жихадчылар уюштурушкан.

Негизи эле учурда Сирия булардын очогу болуп тур. Дүйнөнүн кайсы бурчунда теракт болбосун, аны жасап жаткандар так ушул Сириядан атайын машыгуу-окуудан өтүп баргандар болуп жатат. Кыргызстандан да аталган өлкөгө сапар тартып, ал жерде согушуп жүргөндөрдүн катары күн санап өсүүдө. Атургай, ал жакта согушта болуп, кайра Кыргызстанга кайтып, ар кандай террордук иш-чараларды жасоого белсенгендер да бар. Бактыга жараша, биздин атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан жихадчылардын аракеттерине жол берилбей келет. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын УКМК кызматкерлери тарабынан террорчулук жана диний экстремизм боюнча 217 адамдын ишмердүүлүгү аныкталды, анын ичинде 54 адамга бөгөт коюлду. Экстремисттик мекемелерге тиешеси бар 142 жарандын ишмердүүлүгүнүн бети ачылып, анын ичинен 62 сине бөгөт коюлду. Ок атуучу 15 курал, 365 даана ок-дары, 7 даана жарылуучу заттар табылып, тартылып алынды. Бул фактылар боюнча 137 жазык иши козголду.

Көрсөткүчтөр, албетте, жакшы деңизчи, бирок бул болгону тизмектелген сандар гана экенине көңүл буруубуз абзел. Бирок, ошол эле маалда чекисттердин операциялары тууралуу кенен билгенде террорчулардын ойлогон оюнан төбө чачың тик турат. Албетте, алардын (жихадчы-террорчулардын) алдыга койгон максаттары ишке ашпай калганы үчүн жаратканга миң мертебе ыраазычылык айтасың.

Аталган теманын тегерегинде атайын Ош шаарына барып, ал жактагы абал менен таанышууга туура келди. Анткени, Кыргызстанда туулуп жаткан террордук коркунучтардын негизги очогу так ушул аймак болуп саналат. Албетте, өлкөнүн ар бир аймагында мындай коркунуч бар. Бирок, өзгөчө Ошто экенин баса белгилегим келет. Эсеби маселен, Сирияга аттанган жихадчылардын дээрлиги Ош аймагынан. Карагыла, Оштон Сирияга согушуу үчүн кеткен кичирайондордун тургундары – «Амир-Тимурдан» 35 адам, «Достуктан» 15, “Ош районунан” 38, «Шейит Дөбөдөн» 40, «Черемушкадан» 15 жана «Турандан» 25 адам кеткен. Сирияга согушуу үчүн кеткен такталган адамдардын саны -- 168 адам. Ош облусу боюнча жихад идеяларына баш ийип берген райондор Өзгөн, Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондору болуп саналат. Бул райондордон бардыгы болуп Сирияга 142 адам кеткен. Ош облусунан Сирияга жихадга кеткендердин 90 пайызы – этникалык өзбектер.

Чекисттердин билдирүүсү боюнча, бул сандарда эч кандай сенсация жок. Анткени, Кыргызстандан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу адамдар азыраак кеткен.

Бөтөн жерлердеги согушка идеялык азгырык менен өз өмүрүн сайып коюп кеткендердин саны жыл сайын азаймак турбай, көбөйүп жаткандыгы кызылдай факт. Чекисттер бул бир нече себептен улам болуп жатат деп эсептешет: калктын ислам маселелеринде сабатынын төмөндүгү, о.э. жаштардын социалдык жактан туруктуу ишке орношпогондугу. Ал эми Египеттеги, Сириядагы, Сауд Аравиясындагы диний мекемелерде окуп жаткандардын арасынан биздин жарандардын 5 пайызга жакыны бөтөн согуштагы рекруттарга айланышат.

Кыргызстандын тургундары негизинен сириялык эки шаарда, Алеппо менен Идлибде согушуп жатышат. Бизден баргандар “Жаннат Ошиклари» аттуу жамааттын курамында согушка катышышат. Ал эми бул жамаатты Ош облусунун Кара-Суу районунан барган Сирожидин Мухтаров (Абдусалам) башкарат. Ал болгону 24 жашта. Бул жигит Сирияга 2013-жылдын башында кеткен жана азыркыга чейин согушуп жүрөт, азыр амирлик (командир) даражага жеткен. Мына ушул жигит өз жердештерин согуштук чеберчиликтерге эки ай машыктырат, андан кийин 4 ай бою кадимкидей согушка киргизет. 6 айдан соң мекенине конкреттүү тапшырмалар менен жиберип турат.

2014 –жылы январда 10 адамдан турган жихадчылардын биринчи тобу УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы тарабынан кармалган. Алар саясий кырдаалды кылдат байкашып, керектүү кезде өз ишин баштоо үчүн кырдаалдын курчушун күтүп жатышкан. Топтун ичинен бешөө Сирияда атайын даярдыктан өтүп келишкен. Аларда конкреттүү максат бар болчу – Сириядагы согушка катышып кайткандардан жана ал жакка баргысы келгендерден бир уюм түзүү, курал-жарактарды сатып алып, Кыргызстанда жихадды баштоо үчүн буйрукту күтүү. Кармалгандардын бири Сирияда амир Мухтаровдун кол алдында бир нече ай согушуп келген Сардор (23 жашта): «Негизги тапшырма - мамлекеттик органдарга каршы жихадды баштоо болчу. Биз бул жакка келген соң Сириядан Сиражидин Мухтаров мага «WhatsApp» аркылуу чыгып, Оштогу саясий кырдаал туурасында маалымат берүүмдү сурады. Ал кезде, декабрь-январда, оппозицияны колдогон митингдер болуп жаткан, мен ага бул митингдер туурасында айтып бердим да, Биз Ошто жихадды баштай алабызбы деп сурадым. Сиражидин: Бийлик дагы алсыздансын. Биздин колубуздан азырынча эч нерсе келбейт. Тажикстанда окуялар башталганда гана биз да бир нерселерди баштасак болот. Азырынча даярдана берүү керек деди», - деп көрсөтмө берген.

Жихадчылардын экинчи тобу 2014-жылы февралда кармалды. Топтун башчысы 34 жашар Бахрам Мамасадыков, ал Кара-Суудагы Кызыл-Мехнат айылынын "Абдурашид кори" мечитинин имамы. Ал да Сириядан окуп келген жана 8 адамдан турган топ түзүүгө жетише алган.

УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы Өзбекстанды мелжеп, Анжиян менен Ташкент шаарларында жардыруу уюштурууну пландаган террордук топту да колго түшүрүүгө үлгүрүштү. Алгач, топтун лидери, шейиттикке (өзүн-өзү жардырууга) алдын-ала даярданып келген 22 жаштагы Адахам Раимжанов колго түшүрүлгөн. Раимжанов – Пакистандын Вазиристан аймагында атайын даярдыктан өткөн. 2010-жылы Пакистан аймагында Өзбекстан Ислам кыймылынын (ӨИК) катарында согушуп, чабуул жасоочу алдыңкы топто жүргөн тажрыйбалуу согушкер болгон. Кармалган топтун ичиндеги идеялык жагынан абдан берилген жана даярдыгы күчтүү террорчулардын бири.

Ага жасалма паспорт менен Ошко кайтып, Сириядан келген ячейкалар менен сүйлөшүп, байланышты жандандыруу милдети тагылган. Адахам жардыруу боюнча адис болбогондуктан сырттан келе турган 3 террористке жардыруучу заттарды жана Тажикстандын паспортторун даярдап бермек. Бирок, алардын паспорттору начар сапатта жасалгандыктан, Тажикстандан чыга албай калышкан. Ал эми жасалма паспорт менен теракт даярдаш үчүн кирген Адахам Раимжановду Кыргызстандын атайын кызматы колго түшүргөн. Ошентип, УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин аракетинен улам, бактыга жараша, Өзбекстандын эки шаарында теракт болгон жок.

"Аталган террордук топ жардыруу заттарын даярдаш үчүн Түркиядан 200 литр аммиак кислотасын алып келүүнү пландап, аны сактоо боюнча атайын жайларды даярдай баштаган. Жардыргычтарды жасоочулар келбей калгандыктан, Адахам Раимжанов алар менен электрондук почта аркылуу кабарлашып, жардыргычты жасоонун жол-жобосун сурап, шейит болууга даярдана баштаган", - деп билдирет Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы. Бул маалыматты учурда сот жообуна тартылып, жазасын өтөп жаткан Адахам Раимжанов өзү да тастыктады. "Мурда туура жолдомун деп ойлочумун. Бирок, азыр мен тандаган жол туура эмес экендигин түшүндүм. Негизи менин бул туура же бул натуура деп ажырата турган билимим жок. Карап көрсөм, ислам боюнча терең билим алышым керек экен. Менин алдыдагы максаттарымдын бири исламды тереңдеп үйрөнүү болуп турат. Жакшы билбесең адашат экенсиң. Мындай кадамга барганыма өкүнөм", - дейт Раимжанов. Айтмакчы, Адахам Раимжановдун 18 жаштагы бир тууган иниси Акмаль да Сирияга барып келген. Ал Сирияда даярдыктан өтүп жатканда болгону 16 жашта болчу. Учурда ал да камакта.

Топтун дагы бир мүчөсү Мойдунов Бобур деген жаран. Ал Адахам Раимжановду коштоп жүргөн. Мойдунов жардыргычтарды кайтарышы керек болчу. Ал да Сирияда 2013-жылы согушкан. Буга чейин 2009-жылдан 2012-жылга чейин үч жыл Орусиянын аймагында талап-тоноо менен алектенип келген, атургай ал жакта жүрүп, үч сойку менен алардын сутенерун өлтүргөн. Бул кылыгын Мойдунов эч тартынбай, кысынбай, корунбай туруп, эрдик жасагансып, беймарал гана айтып берип олтурду. «Москвада мен көп жумуш котордум. Абдан кыйын болду, аз төлөшүп, начар мамиле кылышчу. Мен мечитке барып, Фархад деген жигит менен тааныштым. Ал Алланын жоокери экенин айтты. Башка улут менен бөтөн диндин өкүлдөрүн тоноого мени ошол үйрөттү, ал динге ишенбеген каапырларды тоноп, акчаны мусулмандарга беребиз дечү. Мен макул болдум. Жаш кезимде бокс жана күрөш менен машыккам. Биз күн сайын Москва менен Москванын тегерегине талап-тоноого чыкчубуз»-дейт. Канча адамды тоноп, майып кылганы Мойдуновдун эсинде да жок. Адамдарды кантип өлтүргөндүгү туурасындагы кайдыгер гана: «Мууздадык, анан баштарын алып салдык» деп койду. Сирияда согуш туурасында Мойдунов «Алар каапырлар (Башар Ассаддын тарапташтары), болгону 3 жолу намаз окушат, нашаа чегишет. Мен шииттерди да өлтүргөм, алар каапырлардан да жаман. 6 ай өткөндөн кийин, мага үйгө кетишим керек экенин, барып “ансар” болорумду айтышты. Менин милдетим Ош шаарында жардыргычтар үчүн шарт түзүп беришим керек болчу»-дейт.

Мына бул жогорудагылар биздин өлкөдө кимдер, кандай максатта жүргөндүгүнүн бир үзүм гана далили. Али кармала электери же өлкөгө мындай максат менен кирип жаткандары да жок эмес. Эң негизгиси, биз бул теманын үстүндө сенсация издебестен, жапа тырмак, өлкөнүн бүтүндүгү, бейпил келечек үчүн биргеликте күрөшүүгө, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү экендигибизди сезүүбүз абзел. Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМК начальниги Асылбек Кожобеков да өз сөзүндө «Кыргызстанда бир нече экстремисттик жана террор топтору бар, бирок биз «жихадчылар» менен күрөшүүгө басым коюп жатабыз, анткени бүгүнкү күнү алар Кыргызстанга да, бүт дүйнөгө да өтө зор коркунучту жаратып жатышат» дейт.

Кубаныч Зайнидинов

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...