Акыркы макалалар

Депутат: Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу системасы жакшы иштебей жатат

"Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу системасы жакшы иштебей жатат". Мындай пикрин бүгүн, 26-январда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Абдумиталип Кочкорбаев билдирди.

Депутаттын айтымында, Дыйкандарды үрөн менен камсыздоодо насыяга берилген үрөндөрдүн сапаты начар болгон калган учурлар жер-жерлерде көп катталууда.

"Бул боюнча бүтүндөй бир организм катары система иштебей жатат",- деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн комитеттин кароосуна дыйкандардын товардык насыя алууда пайда болгон талаш маселелери алынып чыкты.

Учурда дыйкандардан мындай арыздануулар көп келе баштагандыктан комитеттин талкуусуна коюлуп жатканын "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Эсенгул Исаков белгиледи.

Анын айтымында, 2004-2010-жылдар аралыгында Кемин районунун дыйкандары өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунан үрөндүк буудай алып, бирок аны сепкенде буудай чыкпай калган. Ведомстволор аралык комиссиянын чечими менен бул алынган үрөн кондициялык эмес деп табылган. Мындай комиссиянын чечимине карабастан Матрезерв дыйкандарды сотко берип, буудайды өндүрүп алуунун аракетин көрүп жатышкан учур.

Мына ушуга окшогон мисалга депутат Абдулатип Режевалиев Сузак районунда насыяга алынган кара беде үрөнүн сепкенде уй беде өскөн жагдайды келтирди. Депутат мындай абалда үрөн берген тарап насыяны кече албаса, узартып бериши керек деген пикирде.

Кемин райоунан келген дыйкандардын атынан чыгып сүйлөгөн өкүл дагы үрөн алышкандыгын танган жок. Бирок сепкен үрөндөн эч нерсе чыкпай калса насыяны кантип кайтарабыз деген пикирин билдирди.

"Өнбөй калган буудай үрөнүнө кимдир бирөө жооп бериши керек да",- деди ал.

Бирок, өкмөт дыйкандарды өз маалында колунан жетелеп, насыяга үрөн ал деп кыйнабагандыгын айткан "Ар-Намыс" фракциясынан дагы бир депутат Талантбек Узакбаев, дыйкандардын алган насыяларын кечип, прецедент түзбөй, аны узартуу маселесин кароону сунуштады.

Депутаттар тарабынан алгылыктуу сунуштар айтылгандыгын баса белгилеген комитет төрагасы Сайдулла Нышанов талаа иштери башталганча бул маселелер чечилип берилсе деген каалоосун аткаруу бийлигине жолдоду.

Өз кезегинде Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев алган насыяларын максатсыз пайдаланган дыйкандар да бар экенин эске салып, жогоруда айтылган жагдайлар боюнча комиссия түзүп иликтөө жүргүзөөрүн жооптоду.

Жыйынтыгында товардык насыя алган дыйкандардын талаштуу маселелерин карап, иликтеп, тиешелүү чара көрүү жагы өкмөткө тапшырылды. Аткарылган иштер апрелге чейин комитетке маалымдалмай болду.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...