Акыркы макалалар

Сот Турдукуловдун чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берди

Бул тууралуу "Азаттыкка" “Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдукулов өзү билдирди. Бүгүн Ленин райондук соту Турдукуловдун карызына байланыштуу кредиттик компаниянын арызын карап, анын чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берди.

-Соттун чечимин Чек ара кызматына тапшырдым. Чек арадан өткөрүү маселеси 3 күндүн ичинде чечилиши керек экен. Мен шаршемби күнү кетишим керек болчу. Ошондуктан менин АКШга кетер-кетпесим азырынча белгисиз болууда, - деди Турдукулов

23-январда кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы саясий маселелерди талкуулоо максатында АКШга аттанган. Алардын катарында бараткан оппозициячыл активист Адил Турдукуловду чек арачылар өлкөдөн чыгарбоо боюнча соттун чечими бар экенин айтып, өткөрбөй коюшкан. Активист муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырган болчу.

Буга чейин Ленин райондук соту Адил Турдукулов жеке компаниялардан ири өлчөмдө насыя алып, 600 доллар карыз болуп калганын, карызды өндүрүп берүү үчүн ал компаниялар сотко кайрылганын билдирген

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...