Акыркы макалалар

Былтыр уюшма кылмыштуу топтун 190 мүчөсү кармалды

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын жетекчисчи Мирлан Каниметов билдирди. Кармалгандардын 82си кримтөбөл аттыккан Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөлөрү. Жалпы кармалгандардын 90го жакыны жоопко тартылууда.

Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталып, 2012-жылдын декабрында камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, былтыр 8-июнда бошонгон.

Өткөн жылы июнь айында АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялаган болчу.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...