Акыркы макалалар

Ошто эл аралык террордук топтун 6 мүчөсү кармалды

20-январь күнү Ош облусунда эл аралык террордук топтун 6 мүчөсү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, аталган топтун мүчөлөрү буга чейин куралдуу кол салууга барышып, каракчылык менен алектенип жүрүшкөн. Кармалган 6 жарандын ичинен төртөө Сириядагы эл аралык террордук уюмдун лагерлеринде согуштук даярдыктан өтүп келишкени аныкталган. Алардын жашаган жерин тинтүүгө алган учурда Калашников үлгүсүндөгү автомат, автоматтын 2 магазини, ар түрдүү калибрдеги 1760 даана ок-дары, 1 газ тапанчасы, 6 бет кап, 6 пружиналуу таяк, жыгач таяк, бычактын бир нече түрү, 3 кол чырак, 12 кол байлоого ылайыкташтырылган жиптер жана унаанын 2 номуру табылган.

Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...