Акыркы макалалар

К.Кадыралиев өлкөбүздүн эле аймагында

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, акча талап кылуу боюнча кылмыш иши козголуп, учурда издөөдө жүргөн Канжар Кадыралиевдин жан-жөкөрлөрү кармалып, өзүн издөө иштери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Адылбек Ботобаев билдирди.

“Канжар Кадыралиевдин оң, сол колу болгон жан-жөкөрлөрү кармалды. Жакын арада өзү да кармалат. Тилекке каршы тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн мен бул маселе боюнча көп жагдайларды ачыкка чыгара албаймын. Ал деле азыр гезит окуп, телевизор көрүп, интернетти тиктеп отурса керек. Ошондуктан, биздин аракетибизге жараша иш кылышы мүмкүн. Бирок, ал өлкөбүздүн эле аймагында”,-деди А. Ботобаев.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...