Акыркы макалалар

Ошто бай адамдарды тономок болгон куралдуу террористтер колго түштү

2015-жылдын 20-январында Ош областында эл аралык террористтик уюмдун куралдуу мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Кылмыштуу топ бай адамдардын мүлкүн куралдуу тоноо максатында бир катар иш-чараларды ишке ашырмак болгон.

"Кармалган алты адамдын төртөө Сириядагы эл аралык террордук уюмдун лагеринде согуштук даярдыктан өткөн. Тинтүүнүн жүрүшүндө АКС автоматы, ар түрдүү калибрдеги 1 760 ок-дары жана башка куралдар,унаанын мамлекеттик номери табылды",-деп маалымдашты УКМКдан.

Бул боюнча "Мамлекеттик документтерди, сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды жасоо, даярдоо, сатуу жана пайдалануу", "Жалданмачылык", "Жалданма жол менен кол салуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар камакка алынды

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...