Акыркы макалалар

«Жол салыгы» бүгүн кабыл алынбаса, эртең кеч болуп калат… Башка жол – эч жакка алып барбайт!

«Жол салыгы» бүгүн кабыл алынбаса, эртең кеч болуп калат… Башка жол – эч жакка алып барбайт!

Кыргызстандын бүгүн мамлекеттик транспорт магистралдарын куруп, ремонттоого каражаты жок экендиги факт. Бирок бул жагдай келечекте каражатты табууга болбой турганын, андыктан кредит алуу дегенди билдиреби? Бүгүнкү күндө өкмөт бул маселеге кардиналдуу мамиле жасоодо – эми мындан ары магистралдар «жол төлөмдөрүнүн» негизинде өздөрү акча иштеп табышы керек. Министрлер кабинети мындай кадам сырттан кредит алууну токтотууга эле мүмкүнчүлүк бербестен, ошондой эле талкаланып аткан экономиканын коррупцияга каршы туруусуна мүмкүндүк берет деп эсептешүүдө.

Колуңардан келишинче жардам кылгыла

2014-жылдын декабрында Азия Өнүктүрүү Банкы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда аймактардагы стратегиялык жол коридору деп эсептелген улуттук жолдорду оңдоп, түзөөгө багытталган долбоорго кошумча 15 млн. доллар бөлүү боюнча макулдашууга кол коюлду.

Биз бул маалыматтарга кайрылганыбыздын себеби, биринчиден, мамлекет өз алдынча жолдорду куруу жана ремонттоо долбоорлорун ишке ашырууга дарамети жетпестигин айталы дедик. Бул үчүн акча жок. Ал эми 2014-жылга карата жол түйүндөрүнүн 52 %ы реконструкциялоого муктаж болсо, 1500 чакырым аралыктагы эл аралык жолдорго тезинен реабилитация жана реконструкция иштери зарыл. Жол түйүндөрүнүн көпчүлүк бөлүгү жылдан жылга керектен чыгууда.

Азия Өнүктүрүү Банкынын өкүлү «мыкты жолдор Кыргызстан сыяктуу эли жакын жана алыс жайгашкан тоолуу өлкө үчүн өтө зарыл» деп билдиргенин аталган банктын Борбордук жана Батыш Азия боюнча транспорттук департаментинин адиси Чжен У маалымдады. «Өлкөнүн натыйжалуу жол түйүндөрү аймактык кызматташууну жакшыртып, дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкты күчөтпөй койбойт. Коридордун жээгинде жашагандардын рынокторго, товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жеңил жетүүлөрүн камсыз кылат».

Тилекке каршы, мамлекеттик бюджеттен же эл аралык финансы институттарынан карызга акча албай туруп, жолдорду ремонттоп берүүгө кызыкдар жан жок. Кыргызстандагы жолдордун баары мамлекеттик болуп эсептелет. Туруктуу каржылоонун жоктугунан улам биздин өлкө жыл сайын 200 чакырым аралыктагы жолдорун жоготуунун гана үстүндө келатат. Башкача айтканда, акыркы 5 жылда 1000 чакырым аралыктагы авто унаа жолдору жараксыз абалга келген.

Албетте, биз кредиттерди алып келебиз. АӨБ биздин жолдорго каржы бөлгөн жалгыз кредитор эмес, көптөрдүн бири десек болот. 2014-жылга карата расмий көрсөткүчтөр төмөнкүлөрдү айтат: өлкөбүздүн мамлекеттик карызы 3,8 млрд. доллардын башын чапчыса, анын 1,2 млрд. доллары (үчтөн бири!) жолго алынган кредиттер болуп атпайбы! Бул цифралар эмнеден кабар берип жатканын жакшылап түшүнүү үчүн КРнын каржы министри Ольга Лаврованын аз күн мурдагы билдирүүсүн эске сала кетели. Ал Кыргызстандын бүгүнкү күндөгү мамлекеттик карызы ИДПнын 54 %ын түзө турганын айтты. Муну критикалык чек катары баалоого болот. Эгерде кырдаал оң жагына өзгөрбөсө, мамлекеттин банкроттук абалга кептелиши толук ыктымал.

Улуттук стратегиялык илим изилдөөлөр институтунун маалыматтарына ишенсек, өлкөбүздүн географиялык өзгөчөлүгүнө ылайык, өлкөдөгү оор жүктөрдүн 95 %ы автоунаа жолдору аркылуу ташылат экен. Ушул жагдай эле автоунаа жолдоруна приоритет берүү зарылдыгы чоң экендигине ынандырат. Автоунаа жолдору ички керектөөнү эле канааттандырбастан, эл аралык рынокко чыгууга да мүмкүнчүлүк ачуусу абзел.

Долбоордун ишке ашуусу менен өлкөдөгү жападан жалгыз түндүк-батыш жана түштүк чыгышка багыт алып, Бишкек шаарын, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын бириктирген Бишкек-Торугарт магистралынын бүтүшүндөгү 60 чакырым аралык жакшыртыла тургандыгы белгиленүүдө. Ошондой эле жол Кыргызстан менен Кытайды бириктирет. Мындан сырткары, долбоор жол секторунда эмгектенген мамлекеттик кызматкерлердин инфраструктураны башкаруу жаатындагы билимдерин өркүндөтүп, тажрыйбаларын арттырмакчы.

Баса, маанилүү маалыматты айтпай коюуга болбостур, өлкөнүн жол секторун өнүктүрүү багытындагы өнөктөштүк катары Азия Өнүктүрүү Банкы 1996-жылдан бери жалпы баасы 552 млн. долларлык 10 жол долбоорун каржылады. Ошондой эле АӨБ өлкөдөгү негизги автоунаа жол коридорлорунун 916 чакырым аралыгын реконструкциялап, реабилитациялоого көмөк көрсөтүп, Борбордук Азиялык аймактык экономикалык кызматташтык программасынын алкагында кошуна өлкөлөр менен соода байланышын чыңдоодо өкмөткө жардам берип келет.

Банкет кимдин эсебинен, ыя?

Бир нерсени түшүнүшүбүз керек, жолдорду курууга, ремонттоого, жакшыртууга алынган сырткы карыздардын кайтарымдуулугу кийинки 10 жылдыкта ишке ашчу нерсе. Мында бир ньюанс бар. Эгерде мамлекет цемент заводун курууга инвестиция тартса, кредиттерди төлөөгө акча ошол эле заводдун өзүнөн алынат. Ал эми жолдун мисалында андай эмес. Жолго алынган кредиттер мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүшү керек. Анткени, Кыргызстанда «жол түйүндөрүнүн кирешелүүлүгү» деген түшүнүк жок. Биздин жолдор эч кандай акча иштеп таппайт. Же жолдордун киреше берип атканы тууралуу расмий маалыматтар жок. Андыктан жагымдуу, ыңгайлуу, сапаттуу инфраструктурадагы жолдор үчүн биз, биздин балдар, неберелер төлөшү керек болот.

Мына ушул жерде бир жагдайга көңүл бурбай коюуга болбойт. Чындап келгенде, жолдордо жүрүп киреше тапкандар (бул жүк ташуучу транспорт каражаттары) жол төшөлмөлөрүн бузуп, жарактан чыгарышат. Салмактык чектөөлөрдү ж.б. талаптарды сактабай жүрүшкөндөрү үчүн эч нерсе төлөшпөйт. Ооба, транспорт каражаттары үчүн салык алынат, бирок бул деңиздеги тамчыдай эле болуп атпайбы.

Мындай кырдаалдан канткенде чыгууга болот? Система өзгөртүлбөсө, анда мамлекет жол карыздарына белчесинен батып, ал карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөнүп, ал эми жолдорду бузуп, талкалоо көрүнүштөрү улангандан улана берери талашсыз.

Эстерине келишкенде

КР өкмөтүнүн бул көйгөйдү түшүнүп жатканы кубандырат. Неси болсо да мындай демилге министрлер кабинетинен чыгып атпайбы. Өкмөттөгүлөр узак убакыттан бери жол жыйнамдары боюнча мыйзам долбоорун даярдашты. Бул каржы жагын эле эмес, инфраструктуралык маселелерди да караган комплекстик документ. Документке таянып айта турган болсок, өкмөт жол инфраструктурасын каржылоого туруктуу каржы булагын табуу милдетин алып олтурат. Демилгенин маңызы – транспорттун айрым түрлөрү үчүн жол жыйнамдарын киргизүү. Авто транспортторду көзөмөлдөө жана алардан жыйнам алууну электрондук система аркылуу ишке ашыруу каралган. Белгилеп кетчү нерсе, жол жыйнамдары КРда катталган жүк ташуучу авто унаалардан, автобустардан жана чет өлкөлөрдө катталып, бирок Кыргызстандын жолдорун пайдаланып, жолдордун бузулуп, талкалануусуна өз «салымдарын» кошуп жаткан автоунаа ээлеринен жыйналат. Ал эми КРда катталган жеңил авто унаалардан «жол жыйнамдары» алынбайт. Анткени, алар жол түйүндөрүнө сезилерлик эмес деңгээлде гана залака келтиришет.

Учурда аталган мыйзамдык демилге өкмөт башчысы тарабынан кабыл алынып, жакынкы убактарда парламенттин кароосуна жөнөтүлүү алдында турат. Тарификация боюнча азырынча так эч нерсе айтыла элек, бирок жаңы жол салыгын түзүүдө буга чейинки жол салыктары эске алынганы айтылууда. Ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, тарифти аныктоодо жолду тейлөөгө кетчү чыгымдар эске алынбай койбойт. Мисалы, жолдогу милиция, медициналык тез жардам ж.б. кызмат көрсөтүүчү пункттар, айла-чөйрөнүн булгануусун алдын-алуу ж.б. жагдайлар. Атүгүл тарифти аныктоодо жаңы жолдорду куруу жана жол курулуштарын жүргүзүү жагы да эске алынат.

Ошол эле кезде өкмөттөгүлөр жаңычылдык кабыл алынбай калса, келечекте жол инфраструктурасын курууга жана ремонт иштерине каржы болбой, адатынча кредит алууну уланта берерибизди айтышууда. Андыктан пайдаланып аткан жол үчүн төлөшүң керек, ошондо гана акыйкаттык орун алат!

Албетте, бул жаңычылдык өлкөдөгү жол системасын керектөөчүлөрдүн нааразылыктарын пайда кылары шексиз. Ошол эле жүк, эл ташуучу авто унаалардын айдоочулары каршы болушпай койбойт. Эмитен эле жаңычылдыктын киргизилүүсү продуктулардын бааларынын көтөрүлүүсүн шарттай тургандыгы айтыла баштады. Маселенин ушул жагын карап көрөлүчү. Биринчиден, канчалык жаап-жашырганга аракет кылбайбы, бирок биздин жолдордо жүргөн ошол эле жүк ташуучулар же эл ташуучулар Жол коопсуздук кызматынын, Транспорт министрлигинин кызматкерлерине «төлөмдөрдү» берип эле келишет. Бардыгы расмий эмес мындай «салыкты» төлөөгө аргасыз. Төлөбөсөң, андан ары жолуңду уланта албайсың. Бул эмне дегендик? Жол салыгына каршы болчулар азыр деле төлөп жатышат, болгону алардын төлөгөндөрү бюджетке эмес, айрым алкымы чоң аткаминерлердин, мамлекеттик кызматкерлердин капчыктарына кетип атпайбы! Ɵткөн жылдагы өкмөттүк жыйындардын биринде биздин өлкөдөгү жүк ташуучу авто унаалар барчу жерлерине ийгиликтүү жетип алуулары үчүн МАИ кызматкерлерине, габариттик текшерүүчү пункттарга ар бир рейстери үчүн 350-500 доллардан төлөй турганы расмий түрдө эле айтылган болчу. Бул цифралардын жылдык көрсөткүчтөрүн чыгаруу кыйын деле эмес, Эсептей келсек, көмүскөдөгү «жол салыгынын» жылдык көлөмү 50-60 млн. доллардын башын чапчып атпайбы! Бул биздин өлкө жылына бардык жолдорду ремонттоого короткон каражаттан кыйла көптүк кылат. Атамекендик ишкерлер салык органдарына ачык бухгалтерияны көрсөткөндүн ордуна коррупционер-чиновниктердин капчыгын кампайтууну артык көрүп калышканы өкүнүчтүү.

Эгерде жол төлөмдөрүн жыйноонун электрондук системасы киргизилсе, мындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотууга мүмкүнчүлүк түзүлбөй койбойт. Баса, жаңычылдыкка айдоочулар эле эмес, ушул системадан капчыктарын калыңдатып келатышкан мамлекеттик чиновниктер, коррупционерлер каршы чыгышы толук ыктымал.

Буларга кошумча өлкөдөгү жол кыймылдарын жөнгө салуунун начар системасы, бажы пункттарындагы жана салмакты, габаритти текшерүүчү пункттардагы электрондук көзөмөл кылуунун жоктугу элдик керектөөдөгү товарлардын контрабандасын, маңзат, курал-жарак ж.б. мыйзамсыз алып өтүү көрүнүштөрүн шарттап келатканын жашырууга болбойт.

Макул болбой коюу да мүмкүн эмес

Эксперттер бир пикирден кырдаалды тезинен оңдоо зарылдыгын белгилешүүдө. Аныгында бул маселени эчак ишке ашыруу керек болчу дешет. Өкмөттүн сунушу да маалында болуп турганы айта кетели. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн экономисттер АКШ, Швейцария, Чехия, Польша, Словакия, Италия, Австрия, ТАР, Кытай, Греция, Дания, Англия, Франция ж.б. у.с. мамлекеттердин тажрыйбаларын карашууда. Белоруссия, Тажикстан, Латвия, Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу кошуналарыбыздын кээ бирлери айрым категриялар боюнча, тагыраагы, негизги жолдордо жүргөн ири габариттүү авто унааларга аналогиялык жол салыгын киргизишсе, айрымдары киргизүү алдында турушат. Негизинен жаңы курулган же ремонттолгон жолдорго басым жасашууда. Салыктарды жыйноонун улуттук системасын иштеп жатышкандары да жок эмес.

Бул боюнча дүйнөлүк тажрыйба тууралуу жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев да өз пикирин билдирип келет.

--Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндө мындай салыктын киргизилүүсү айдоочулар менен иштешүүнүн жаңы формасын жаратты, а бул бизге коррупция менен күрөшүүдө өтө зарыл. Көп эле транспорттук компаниялар ар кандай жолдорун таап, салык төлөөдөн качып келишет. Ушундан бюджетке түшчү каражаттын көлөмү кескин азайып кетүүдө. Ал эми МАИ кызматкерлери болсо арзыбаган акча үчүн жүк ташуучулардын патенттерин текшеришпейт деле. Биз эбак эле салык кызматына жаңы варианттарды сунуш кылган болчук, бирок эч кандай реакция болгон эмес, - дейт ассоциация башчысы.

Темирбек Шабданалиевдин пикири менен макул экенин транспорт жана коммуникация министрлигинин авто унаа жолдору боюнча башкармалыктын башчысы Мелисбек Алыпсатаров билдирди.

--Айдоочулардан төлөм «трассага чыктыңбы – демек төлөшүң керек» деген принципте жыйналышы кажет. Бул логикага сыят. Эгерде сен кандайдыр бир ресурсту пайдаланып жаткандан кийин ал үчүн төлөшүң керек да, - дейт Алыпсатаров.

Транспорт министрлигинин салмактык-габариттик көзөмөл жана туннел кызматы боюнча башкармалыктын башчысы Эмилбек Таштаналиевдин пикиринде, төлөмдөр кыргызстандык да, сырттан кирген чет элдик авто унаалардан да алынууга тийиш.

--Мисалы, биздин айдоочулар чет өлкөлөргө киргенде ушундай жол салыктарын төлөшөт, демек, биз да сырттан кирген айдоочулардан жол салыгын алсак болот, - дейт чиновник.

«Ооба» деп добуш берүүгө даярлар, ал үчүн факторлор көп эле. Кайталай кетели, каршылаштары да жетишерлик болот. Бирок кандай болгон күндө да түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн бир нерсе кылуу керек. Ансыз биз буга чейин жазгандай, мамлекет карызга батып, банкроттук абалга кептелишибиз бар. Балким, азырынча жолдорубуз ремонттоолор, бирок кийинчерээк бизге кредиттерди эч ким бербей, оңдоп, түзөөгө өзүбүз каражат таппай олтуруп калышыбыз толук мүмкүн. Ал эми жолдордогу коррупция гүлдөп, өнүгүп, айрым аткаминерлерди байыта береринен шек санабайлы.

Аталган мыйзам долбоорун парламентте кандай резонанс жаратарын күтө туралы. Мыйзам долбоору каралган учурда, тагыраагы, депутаттардын «ооба» же «жок» деп добуш бергендеринен кимдин ким экендигин, тагыраагы, кайсыл депутат элдин кызыкчылыгын коргоорун, кимдер коррупциялык схемаларды коргоп, өз капчыктарынын камын көрөрү белгилүү болот эмеспи. Андыктан күтө туралы.

Аман Иманалиев

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...