Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө салык жыйынтыгы декларация тапшыруу ишине атайын штаб түзүлдү

Облуста баардык мамлекеттик салык Башкармалыктарында 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча декларация тапшыруу иши үчүн атайын штаб түзүлдү. Бул тууралу мамлекеттик салык кызматынын региондор аралык башкармалыгынын башчысы билдирди.

Анын айтымында областагы бардык райондук жана шаардык мамлекеттик салык кызматынын Башкармалыктарында юридикалык жана физикалык жактарды жалпы декларациялоо боюнча иштер толук жүргүзүлүүдө. Ошондой эле мамлекеттик салык Башкармалыктарында жалпы салык декларациясын тапшыруу боюнча тизмелер такталууда. Бул иштерди райондук жана шаардык Социалдык фондунун, паспортук столдордун, жергиликтүү айыл башкармалыктарынын кызматкерлеринин катышуусу менен бирдикте жүргүзүлүүдө-дейт башкармалыктан.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...