Акыркы макалалар

Жогорку Кенештин депутаттары Тоңдо коомчулук менен жолугушту

«СДПК» фракциясынан Э.Иманкожоева, «Республика» фракциясынан М.Сабиров жана «Ата Мекен» фракциясынан Ж.Сапарбаев Тоң районунда иш сапары менен болушту. Алар жаңы шайланган айылдык Кеңештин депутаттары, айыл округ башчылары, мекеме ишкана жетекчилери жана мектеп директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөн бул жолугушууну алгач Тоң райадминистрациясынын башчысы-аким Б.Рыспаев ачып, атайын убакыт бөлүп жолугушууга келген Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, жаны шайланган Айылдык Кеңештин депутаттарын куттуктады.

Жолугушууда район жетекчилери негизги көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алар: Бөкөнбаев-Көлтөр, Кескен-Бел-Тогуз-Булак жолун ондоо иштерин акырына чыгаруу. Күн-Чыгыш айыл округуна караштуу Токтобай уулу Шамей, Ак-Терек айыл округуна караштуу Р.Жангазиев жана Улахол айыл округуна караштуу Оттук орто мектептеринин кайра куруу. Орт кырсыгына кабылган Көк-Мойнок-2 мектебин калыбына келтирүү, Күн-Чыгыш айыл округуна караштуу «Кара -Ой» жер участогун трансфомациялоо, Ысык-Көл областынын айланма жолун стратегиялык планга киргизүү, жөлөкпул чектөө боюнча Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү, таза суу, сугат сууларынын тартыштыгы боюнча маселелер айтышты. Келген депутаттар тиешелүү жоопторду беришип, маселелерди чечүү боюнча аракеттер көрүлөөрүн билдиришти.

Жаңы шайланган жергиликтүү Кенештин депутаттарынын демилгеси менен уюштурулган жолугушуунун сонунда райадминистрация башчысы-аким Б. Рыспаев Жогорку Кеңештин депутаттарына жалпы Тоң районунун коомчулугунун атынан терен ыраазычылыгын билдирип, көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелердин чечилишине көмөктөрүн көрсөтүүнү суранды.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...