Акыркы макалалар

Дүйнө жакшы адамдардын колунда кармалып турат

Дүйнө жакшы адамдардын колунда кармалып турат

“Жениш достук” кайрымдуулук фонду Жалал-Абад шаардык психоневрлогиялык балдар үйүнө, андан соң шаарыбыздагы Барпы сейил көчөсүндө жайгашкан “Ак-Бермет” балдар үйүнө, баалуу белектерин берип, кайрымдуулук көрсөтүштү. Белгилей кетсек. Бул кайрымдуулук фонду 2004-жылдан уюшулган жана ар жылы дал ушундай кайрымдуулук көрсөтүүнү адатка айландырышкан.

“Жеңиш достук” кайрымдуулук фонду Жалал-Абад шаардык психоневрологиялык балдар үйүнө 3 даана 100 литрлик термекс жана музыкалык аппарат тапшырып, аны менен гана тим болбостон, ар бир бөлмөгө кирип, балдардын ал-жайын сурап, алардын жашоосу менен таанышты. Андан соң шаарыбыздын Барпы сейил көчөсүндө жайгашкан “Ак-Бермет” балдар үйүнө Аяз Атанын коштоосунда барып, ар бир балага белек-бечкектерди берип, музыкалык аппарат тапшырып, жаңы жылы менен куттуктап кайтты.

“Жеңиш достук” кайрымдуулук фонду 2004-жылы уюшулган. Аталган фондду шаардык депутат Токторбаев Жеңиш Шермаматович жетектеп келет. Ал өз сөзүндө: Биз, жаңы жылдын алдында “Ата-Журт” партиясынын атынан, биздин лидерибиз Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин атынан, ошондой эле мен өзүм жетектеген “Жеңиш достук” кайрымдуулук фондунун атынан психоневрологиялык балдар үйүнө, ошондой бул жердеги тоголок жетим балдардын жаңы жылы менен куттуктап, белектерди алып келдик. Өзүңүз билесиз, булар кудайдын бир эрке балдары. Биз, буларга өзүбүздүн каражатыбызды бөлүп, тоголок жетим, турмуш шартынан жетишпеген балдарга ар дайым жардам берип келебиз.

Жалал-Абад шаардык психоневрлогиялык балдар үйүнүн башчысы Алимбаева Дамира: - Бүгүн биздин психоневрологиялык балдар үйүнө Жеңиш Нурмаматович “Жеңиш достук” кайрымдуулук фонддун атынан аябай сонун белектерди алып келди. Өзүңүздөр көргөндөй, 3 даана 100 литрлик термекс жана балдарыбыздын музыкалык аппараты жок эле, музыкалык аппарат алып келди. Дүйнө ушундай жакшы адамдардын колунда турат деп ойлойм. Чындыгында мыкты атуулдарыбыз, белдүү, күчтүү ушундай жигиттерибиз бар. Кудай алардын ишин оңдой берсин, алар дагы жардам беребиз деп жатышат.. Жалпы ата-энелердин атынан, бул жерде иштеген кызматкерлердин атынан, балдарыбыздын атынан чоң ыраазычылык билдирем,- деди. -Бизге Жаңы жыл майрамы менен куттуктап “Мегаком” компаниясы, ФИНКА компаниялары дагы көмөк көрсөтүп жатышат,- деп кошумчалады ал.

Ал эми “Ак-Бермет” балдар үйүнүн башчысы Ташбаева Алима бул фонддун буга чейин дагы ун, балдардын ар бирине футболкаларды алып келгендигин айтып, фонддун ишине ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылай НАЗАЛОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...