Акыркы макалалар

"Курманжан Датка" тасмасынын жаратуучулары маалымат жыйын өткөрөт

"Курманжан Датка" тарыхый тасмасы пираттык жол менен дисктерге чыгып кетти. Ошондой эле Youtube каналына да белгисиз колдонуучулар тарабынан тасманын кыргыз жана орус тилиндеги толук версиясы жүктөлгөн.

Ал эми фильмдин жаратуучулары бүгүн, 23-январда бул тууралуу маалымат жыйын өткөрөт. Анткени тасманын толук вариантын интернеттен жайылтууга мамлекет тарабынан эч кандай уруксат берилген эмес. Учурда кинотеатрларда да тасманын сеанстары коюлуп жаткан болчу. Алардын айтымында кинофильм эми эл аралык фестивалдарга катыша албайт.

"Курманжан Датка" көркөм фильми өткөн жылдын 31-августунда чоң экранга чыккан. Ал мамлекеттин буйрутмасы менен 70 млн сомго тартылган. Тасманы тартууга 3 жыл убакыт кеткен.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...