Акыркы макалалар

Айбек Турганбаев: Менин башкы прокурор болсом деген оюм жок

Бүгүн, 22-январда Ош областынын прокурору Айбек Турганбаев аны башкы прокурордун кызматына талапкер кылып жатышканы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. "ВБ" менен болгон маегинде ал бул тууралуу эч нерсени пландабаганын айтты.

"Мени башкы прокурордун кызматына талапкер катары кошуп жатышканын билген эмесмин",-дейт ал.

"Жогору турган жетекчилик менен бул маселе талкууланды беле?",-деген суроого, ал: "Менин андай дымагым жок",-деген жообун узатты.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-январда "ВБ"нын жеке булагы башкы прокурор болууга талапкер болуп жаткандардын атын атаган. Маектештин айтымында, башкы прокурорлукка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын директору Бөкөмбай Казаков, Ош областынын прокурору Айбек Тургамбаев (парламенттин спикери Асылбек Жээнбековдун тууганы. - vb.kg), президенттин алдындагы сот реформасын ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Индира Жолдубаева, ошондой эле президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев талапкер болушу ыктымал болчу.

Бүгүн президент Аида Салянованын кызматтан кетүү тууралуу арызына кол койду. Кечээ анын кызматтан кетишин парламенттен колдоп беришкен. Эми президент Жогорку Кеңешке башкы прокурорго талапкерди сунуш кылышы керек.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...