Акыркы макалалар

Шаардык мамкаттоодогу кызмат талаш

Шаардык  мамкаттоодогу кызмат талаш

Жакындан бери Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынын жетекчисинин орду кайрадан талашка түшүп жаткандыгы баарыбызга малым, ошол чырдын жөн-жайын билели деген максат менен аталган мекемеге барып, жаңы келген жетекчини сөзгө тарттык.

Чекиев Түгөйбек Узакбаевич: - Мен бул жумуш ордуна Жогорку Соттун чечими жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (Бишкек шаары, 2012-жыл 29. 12. №289-б) буйругу менен келдим. Ошол мезгилде Бишкек шаарынын 1-Май райондук сотунун сот аткаруучусу мени менен кошо келип, 31-декабрь күнү жамаат менен тааныштырып, иштин жөн-жайын айтып, Жогорку Соттун чечими менен тааныштылган. Ошондо 31-декабрь күнү келгендигиме байланыштуу 8-январга чейин тыныгуу болуп калды. 8-январдан бери иштеп жатабыз. Учурда эмгек жамааты менен болгон мамиле турукташып, иш өз нугунда кетип жатат. Эмгек жамаатына менин эч кандай дооматым жок. Эки-үч кызматкер гана жалпы эмгек жамаатынын маанайын бузганга аракет кылды. Менин кызмат ордума келишим мыйзамдуу, мен өз укугумду пайдаландым жана коргоп жатам. Биз мамлекеттик мекеме болгондуктан, ашкере саясатташууга жол берилбейт. Баары мыйзамдын чегинде жүргүзүлөт.

Жумуштан кеткен адам: “Болуптур, мен кеттим деп эле кетип калбайт экен. Кеткен менен өзүн кошкондо 1-2 адам менен сүйлөшүп, чырды уюштуруп жатат. Мамлекетте мыйзамдуулук деген биринчи да, бардыгыбыз мыйзамга баш ийебиз. Мыйзамдуу мамлекет болгондон кийин баарыбыз ага баш ийишибиз керек.

Бул жерде уюштурулган аракет менен саботажга барабыз деп кичине мыйзамга каршы келген иштерди жасашты. Бирок андай нерсе бүгүнкү күндө өтпөйт, себеби бизге туруктуулук керек. Жумушчуларга иш керек, элди эч кандай тоскоолдуксуз тейлешибиз керек. Бул боюнча такталбаган маалыматтар сайтка чыгып кетти. Туура эмес маалымат бергендиги тууралуу журналист менен да сүйлөштүм. “Сиз эмне үчүн туура эмес маалымат бересиз, мен сизди сотко берем, менин укугумду тебелеп жатасыз “ деп журналистке доомду койдум. Ал туура эле кабыл алып, берген маалыматын төгүнгө чыгарды. Бүгүнкү күндө иштеп жатабыз. Жамаат менен тил табышып иштеймин, бул тармакта 3-4 жыл иштегенмин. Буга чейин дагы Сузактын мамкатоосунун башчысы, орун басары болуп иштегенмин. Бул тармакта дагы жакшы иштерди жүргүзөм деген ойдомун. “Биримдик болгон жерде ийгилик болот, ынтымак болгон жерде ырыскы болот”,- дегендей коллектив менен тил табышып иштеймин. Бул жердин ишин алдыга жылдырганга болгон тажрыйбамды, аракетимди, бүткүл күчүмдү жумшаймын. Кудай буйруса, Жалал-Абад шаарынын эллин тейлөөдө, кыймылсыз мүлктү каттоодо ишти эч кандай үзгүлтүккө учуратпайбыз деп айтып кете алам” – деди. Нарботаева Гүлмира: Мен, бул жерде каттоочу болуп иштейм. Бул ишканада Мамкаттоо уюшулган 1999-жылдан бери иштеп келем. Ал эми ушул тармакта иштегениме 19 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү болуп жаткан иш тууралуу жеке өзүмүн оюм бар, чогулушта да айткамын. Биз эски тарбияда өскөнбүз, Союз маалында иштегенбиз. мындайча айтканда, жогорку жетекчиликтен келген буйрукту, аткарганга милдеттүүбүз. Мурунку жетекчибиз Тынарбек Карыпбаевичти деле жакшы жагынан айтамын, тажрыйбалуу адис, жакшы иштейт. Биз аткаруучубуз, ошол үчүн эгерде эки жетекчинин ортосунда кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болсо, анда экөө мыйзам чыгинде чечип алышы керек. Бул жерде жамааттын ишине тоскоол болбош керек. Биз калк менен иштегенден кийин келген адамдар дагы биздин ички ыйкы-тыйкыбыздан бушайман болбошу зарыл.

Ал эми Т. Мисиралиев менен байланыша албагандыгыбызга байланыштуу, анын “Баракелде” сайтындагы төмөндөгүдөй пикирин окурмандарга сунуштайбыз: “Ал эми мага чейин иштеп жаткан Т. Мисиралиев да өз укугун коргоо максатында прокуратурага кайрылганына маалымдады. Анын пикиринде, кызматтан алынышына эч кандай негиз жок. Эмгек жамааты менен ынтымакта иштеп, мыйзамдын чегинде иш алып барып жаткам. Ошондуктан мени эмгек жамаатым коргоп жатат,-дейт Т. Мисиралиев”.

Жаңылай НАЗАЛОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...