Акыркы макалалар

Салянова Башкы прокурорлук кызматтан кетти

Президент Алмазбак Атамбаев Аида Салянованы Башкы прокурордук кызматтан бошотуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

КРдин Баш мыйзамынын 64-беренесинин 4-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык, Башкы прокурор Аида Салянованы кызматтан бошотуу Жарлыгына мамлекет башчысы кол койду.

Кечээ ЖКнын жыйынында Салянованын жазган арызын канааттандыруу үчүн 57 депутат "макул" деп добуш берген.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...