Акыркы макалалар

КАР КӨЧКҮНҮН КОРКУНУЧТАРЫНАН ЧЫГУУНУН ЖОЛДОРУ

КАР КӨЧКҮНҮН КОРКУНУЧТАРЫНАН ЧЫГУУНУН ЖОЛДОРУ

Республиканын башка дубандарына салыштырмалуу биздин облус тоолуу болгондуктан кыш мезгилинде ири кездешүүчү табигый кырсыктардын бири бул кар көчкүсү. Анын пайда болуусу жана активдешүүсү бир катар аймактарда катталып келет. Атап айтканда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Кара-Үңкүр суусунун бассейнинин 284-295 чакырымында кар көчкү коркунучу бар. Бул жерден 3-25 миң м/куб кар көчкүсү түшүшү болжолдонууда. Түз-Бел ашуусунда 2-3 кар көчкүсү 3-25 миң м/куб көлөмдо түшөт. Миң-Куш-Арал унаа жолунун 12-17 чакырымдарында 2-12 миң куб көлөмдө кар көчкүсү түшүшү мүмкүн. Арал-Суусамыр унаа жолунун 8-21-чакырымдарында кыш мезгилинде 5-6 кар көчкүсү катталат. Нарын-Казарман унаа жолунун Кара-Көө ашуусунда 220 метр аралыкка жолду бөгөп калуучу көлөмү 3-35 миң куб кар көчкүлорү түшүшү мүмкүн.

КӨЧКҮ КООПСУЗДУГУ УЧУРУНДА БИЛҮҮ ЗАРЫЛ:

- Бир жакка чыгаарда аба-ырайы жөнүндө маалыматты, унаа жолдорунун ахывалын, кар көчкү түшүү коркунучун жалпы маалымат билдирмелеринен же ӨКМнин ыкчам күзөтчүсүнөн билүү;

- Тоолуу аймактарда же кар көчкү түшүү коркунучу бар унаа жол бөлүктөрүндө жол кызматчылары белгилеген унаа арасындагы аралыкты бекем сактоо керек;

- Кар көчкү коркунучу бар жерлерде коюлган эскертүү белгилерине көңүл бөлүп, зарыл болсо эртең менен эрте өтүп кетүү керек;

- Жол кызматчылары тарабынан коюлган : “Чектелген жүрүү”, “Унаа жолунун бекилүүсү” белгилерине, жалпы маалымат билдирмелери аркылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин жана КР ИИМнин жолдогу кыймылы кызматчыларынын эскертмелерин бекем аткаруу.

Эсиңерде болсун! Кар көчкү түшүү коркунучунун узактыгы октябрдан тартып апрель айларына чейин эсептелет. Көпчүлүк кар көчкү түшүү февраль-март айларында катталат.

КӨЧКҮДӨ ӨЗҮН АЛЫП ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ:

- Эгер көчкү өтө бийик жерден түшүп келе жатса, унааңыз менен тез өтүп кетип, алдыдагы келе жаткан унааларды токтотуңуз, эгер жөө болсоңуз, тез чуркап коопсуз жерге барыңыз же жар астына бекинип тура калыңыз (жаш бактардын артына бекинип турбаңыз).

- Эгер көчкүдөн кете албасаңыз, жүгүңүздөн бошонуп, тизеңизди ичиңизге бүгүп, денеңизди көчкү келе жаткан жакка ыңгайлаштырып жата калыңыз.

- Оозуңузду жана мурдуңузду моюн орогучуңуз, жакаңыз менен жаап, көчкүдө колуңузду сүзүп жаткандай кармаңыз, көчкүнүн үстүндө карманууга, ылдамдыгы азыраак жээгине чыгууга аракет кылыңыз.

- Көчкү токтогон кезде, дем алууга мүмкүн болууга бет жана көкүрөк тушуңуз менен калууга аракет кылыңыз.

- Эгер мүмкүн болсо,өйдө чыгууга аракет кылыңыз (оозуңуздан чыккан шилекейдин кайсыл жакка акканы боюнча өйдө жакты билсеңиз болот).

- Көчкүнүн алдында калсаңыз, күчүңүздү сактап өзүңүздү кармап, уктабаганга аракет кылыңыз.

КӨЧКҮ ТҮШКӨНДӨН КИЙИН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК

- Сиз көчкү түшкөндөн кийин эсиңизди жоготосуз. Өзүңүзгө келе баштаганда, бир колуңузду бошотуп, дем алуу үчүн мурун тушуңузга алып келүүгө аракет кылыңыз.

- Андан кийин экинчи колуңузду да бет тушуңузга жакындатып, оюк жасоого аракет кылыңыз.

- Өйдө же ылдый экенин билиш үчүн түкүрүк чыгарыңыз. Эгер түкүрүгүңүз өзүңүзгө түшсө, сиз башыңыз менен төмөн жатасыз. Эгер түкүрүгүңүз эриниңизде калса, сиз туура башыңыз менен өйдө жатасыз.

- Өзүңүздүн кандай жатканыңызды билгенден кийин, колуңузду өйдө сунууга аракет кылыңыз. Эгер колуңуз сыртка чыкпаса, аба кириш үчүн, карды оюуга аракет кылуу керек.

- Эгер сиз төмөн карап жатып калган болсоңуз, которулуу үчүн өзүңүздүн тегерегиңизди оюп ачууга аракет кылуу керек.

- Өтө терең дем алууга, дүрбөлөңгө түшүүгө, тез кыймылдоого болбойт. Себеби жүрөк тез согуп, көп кычкылтек талап кылат.

- Эгер сиз кичине оюк тешип алсаңыз, бирок чыга албасаңыз, кыйкырып куткаруучулардын көңүлүн өзүңүзгө бурсаңыз болот. Сизди сөзсүз табышат.

- Эгер сиз, коопсуз жерде болуп калсаңыз, аймак башкармалыгына көчкү жөнүндө билдирме жасаңыз жана жабыркагандарга жардамдашыныз.

Кар көчкү жана кар көчкүнүн кесепеттери тууралуу маалыматтарды (03522) 5-33-07, 0770 82-23-04 телефондоруна кабарлап коюңуздарды суранабыз!

Токтобек ШОНКОЕВ, КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...