Акыркы макалалар

ЖОЛ КЫРСЫГЫ ЖОГОТУУГА АЛЫП КЕЛДИ

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Медина Султаналиеванын билдирүүсү боюнча 2015-жылдын 16-январында саат 18-55 тер чамасында Бишкек-Торугарт автожолунун 399-кмдеНарын шаарынын тургуну 1973 –жылы туулган Ж.Т аттуу адам КаМАЗ- 5320 мамлекеттик номери 82-46 В автоунаасын түндүктөн түштүктү карай башкарып келе жатып Балыкчы шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Ө.Унун башкаруусундагы КаМАЗ-5320 мамлекеттик номери 131 16 автоунаасынын сол капталына урунуп, андан кийин 630 метр аралыкка чейин айдап келип, Нарын шаарынын Пудовкин көчөсүндөгү №2 А менчик үйдүн күн батыш тарабындагы дубалды жана үйдү сүзүп жол кырсыгына учураган. Натыйжада, айдоочу Ж.Т. облустук оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, ал жерден каза тапкан. Окуя боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуяга күбө болгондордун айтуусу боюнча КаМАЗ сүзгөн үй жарылып, дубал да жарактан чыгып калган. Нарын шаардык мэриясынын аппарат башчысы Кубан Чымылдаковдун айтуусунда окуя болгон жерге шаар башчысы Рахат Адиев барып үйдүн жашоочуларынын убактылуу батирге жашап туруулары үчүн шаар башкармалыгы тарабынан 3-4 айлык батир акысын төлөп беришээрин билдирген.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...