Акыркы макалалар

Токтогул сыйлыгынын кезектеги ээлери аныкталды

Бүгүн, 22-январда өкмөт үйүндө кезектеги лауреаттарга Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземи болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин төрагасы Акылбек Абдыкалыков билдирди.

Бул жолу сыйлыкка Анатай Өмүрканов “Жалгыздык” ырлар жыйнагы үчүн, Акбар Рыскулов “Атакенин ак болот” тарыхый үчилтиги үчүн жана Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова “Алтын уя” балдар опереттасы үчүн татыктуу болгон.

Кыргызстандагы эң даражалуу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык үч жылда бир жолу адабият, көркөм өнөр жана архитектура жаатындагы мыкты эмгектердин ээлерине тапшырылат. Жеңүүчүлөргө диплом, төш белги жана 100 миң сом акчалай сыйлык берилет.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...