Акыркы макалалар

Аксынын кайналысы Калифорнияга экспорттолот

Бул тууралуу райондун акими Медетбек Айдаралиев аймактагы жыл жыйынтыгын чыгарган жыйын учурунда билдирди.

“2014-жылы райондо кара кайналыны кургатуучу 70 чакан цех ишке кирсе, быйыл АКШнын Калифорния штаты менен экономикалык соода-сатык жагында кызматташууну жакшыртуу, кайналыны кайра иштетүү багытында достук алака түзүп жатабыз”, - деди Айдаралиев.

Ошондой эле Орусия, Индия, Катар, Жапония өлкөлөрү менен быйыл да кызматашуу уланат. Былтыркы жылы райондон 600 тоннага жакын кургатылган кайналы өндүрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...