Акыркы макалалар

«Кара-Кече» ишканасын жетекчилиги 643,3 миң сомду менчиктештирип алган

УКМКнын жана Коррупцияга каршы кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмү «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси С.Б.Б., карата мурда козголгон кылмыш иштин алкагындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ишенип берилген мүлктү менчиктештирүү жана коротуу, расмий документтерди жасалмалоо сыяктуу башка фактыларды аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси С.Б.Б., жана аталган ишкананын башка кызматкерлери материалдык пайда көрүү максатында ишканага күйүүчү-майлоочу майларды камсыздоого карата 220 миң сомго жалган эсеп жүргүзүшүп, 423 миң 367 сомго 380,3 тонна көмүр сатышкан.

Мындай аракеттер менен жогоруда аталган кызматкерлер жасалма документтердин негизинде 643 миң 367 сом өлчөмүндөгү акчалай каражатты менчиктештирип алышкан.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...