Акыркы макалалар

Бишкекте "Китеп окуган троллейбус" деген акция өткөрүлөт

28-январда Бишкекте "Китеп окуган троллейбус" деген акция өткөрүлөт. Бул тууралуу акцияны уюштуруп жаткан Бишкек шаарындагы Борборлоштурулган китепкана системасынан маалымдашты.

Ошондой эле акцияга Бишкектин троллейбус башкармалыгы дагы көмөк көрсөтүп жатат.

"Алгачкы жолу өтүп жаткан акция №11 троллейбус каттамында өткөрүлөт. Жүргүнчүлөргө экскурциялар, маектешүүлөр, китептерди тааныштыруу, көргөзмөлөр сунушталат жана китептер таратылат. Акциянын максаты - китеп окууга үгүтөө",-деп маалымдашты уюштуруучулар.

Ошондой эле жүргүнчүлөргө Жибек Жолу, Манас,Тынчтык, Ахунбаев, Юнусалиев көчөлөрүнүн, "Асанбай" кичи районунун аталып калышына байланыштуу кызыктуу тарыхый баян да айтылат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...