Акыркы макалалар

Азыркынын “Нахаловкасы” же “Ататүрк” паркындагы “ак сөөктөр”

Учурда электр энергиясын уурдагандар көйгөйлүү маселеге айланды. Окуянын резонанс жаратып, президент баш болуп кийлигишүүсүнө КТРКнын журналисттеринин сабалышы себеп болду. “Ататүрк” паркынын жанындагы Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 28 “хансарайдын” ээси ушуга чейин электр энергиясын уурдап пайдаланып келишкен. Алардын алды 400 миң сомго чейин карыз экени аныкталды. Ал эми журналисттерди ур-токмокко алган Айдин Кулбаев Бишкектин мурдагы вице-мэри, “ак жолчу” экс-депутат Абдраим Кулбаевдин уулу, азыркы шаардык кеңешке КСДПдан шайланган Аида Кулбаеванын бир тууган агасы болуп чыкты. Анда эмесе, кеп башынан болсун...

Уурусу күч болсо ээси доого жыгылат дечү беле...

7-январь күнү КТРКнын “Ала-Тоо” маалымат программасынын кабарчылары Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулова Бишкектеги “Ататүрк” сейил багынын жанындагы А.Малдыбаев көчөсүндө “Түндүкэлектр” ишканасынын текшерүүчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейдди тартып жүрүп 16-үйдүн жашоочусу Айдин Кулбаевден таяк жешкен. Жабырлануучулардын айтымында, Айдин Кулбаев аталган көчөдөгү үйлөрдү жалпысынан тартып жүргөн учурда эле кол салган. Кулбаевден таяк жеген журналист Ширин Асанакунова учурда баш мээси чайкалып ооруканада дарыланып жатат. Асанакуновага байланышка чыгып ден соолугун сурап, чыр-чатактын чоо-жайын өз оозунан уктук. “Биринчи ал жаныбызга келип камерага тартпагыла деди. Биз ал учурда эч нерсени тарта элек болчубуз. Дароо эле оозго алгыс сөздөр менен бизди орусчалап сөгүп-сагып баштады. Биз өзүбүздүн ишибизди кылып жатабыз тийишпей эле коюңузчу деп суранганыбызга да болгон жок. Кетели деп атсак камераны чаап жиберди. Бурулай эмне үчүн чабасыз десе аны бир чаап туруп, микрофонду талкалап салды. Анан арачыга түшсөм мени эки жолу кулата сокту. Башка бир нече жолу сокку жедим. Операторубуз камераны сактап калыш үчүн алыс кетип калды. РЭСтин текшерүүчүлөрү болсо бизден алыс болчу. Анан итимди кое берем деп коркута баштады. Аңгыча биздин машинабыз келип калып обочороок айдап кеттик. Ал BMW үлгүсүндөгү машинасын зуулдаткан бойдон качып кетти. Бирок машинанын номерин тартып калууга жетиштик. Биз бир гана анын үйүн эмес бир нече үйдү тартмакпыз. Өмүрүмдө биринчи жолу ушундай башыма катуу сокку алдым” деп журналист болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди. Ал эми Бурулай Пусурманкулова жеңил гана жаракат алган. Учурда ушул факт боюнча Бишкек ШИИБи Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Президенттин маалымат кызматы аталган кылмыш ишин президент Атамбаев жеке көзөмөлүнө алганы тууралуу билдирүү таратты.

“Түндүкэлектр” ууруларды ачыкка чыгарды

“Түндүкэлектро” ишканасынын кызматкерлери электр энергиясын колдонуучулардын үйлөрүн текшерген учурда бир катар мыйзам бузуулар катталып келет. “Ататүрк” сейил багына жанаша жайгашкан А.Малдыбаев көчөсүндөгү 20 үйдөн мыйзам бузуулар, электр уурдоо фактылары ачыкка чыкты. Аталган ишкана ушул факт боюнча ИИМдин алдындагы уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгына көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрүү боюнча кайрылуу жөнөттү. Бул кадамдан кандай жыйынтык чыгары азырынча белгисиз. Рейддин жыйынтыгына ылайык төмөнкүдөй “уурулар” кармалган. Төмөндө көрсөтүлгөн керектөөчүлөрдүн баары электр энергиясын уруксатсыз пайдаланып, ушуга чейин жарыктын акысын төлөбөй келишкен. Бул тууралуу “Түндүкэлектрдин” маалымат кызматы билдирди. Алардын арасында бүтїндөй бир мектепти жылыта ала турган 99 кВт кубаттуулукка ээ болгон электр жабдыктары да табылган.

Өмүралиев Д.Д. 409088 сом, Маковская 272725 сом, Садырбаев 31351 сом, Сариев Н. 272725 сом, Халдамов 16632 сом, Адаев М. 4074 сом, Сафаров А.М. 5179 сом, Керезбеков 16632 сом, Мырзабаев 6174 сом, Рысалиева 17463 сом, Сагынов 3031 сом, Болотбеков 1470 сом, Жаналиева Б. 7318 сом, Пирматова 3112 сом, Учкунбаев Т. 6575 сом, Шеитов 17453 сом, Ушаков Н.А. 9010 сом, Момунова 7246 сом, Арзыкулова Б.А. 6882 сом, Орозалиев Э.М. 2397 сом, Бөрүбаев Э. 7762 сом карыз экени тастыкталган.

Ушул маселе боюнча “Түндүкэлектр” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек АРГЫНБАЕВге бир нече суроо менен кайрылдык.

- Энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын бетин толугу менен ачуу мүмкүнбү?

- Мен энергетика тармагында чоң коррупция жатканын ачык эле айта алам. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар ортомчулук кылып жатышат. Электр энергиясындагы жоготуулар көп деп элди жөн эле алаксытып жатышат. Ооба жоготуулар бар, бирок алар Ширшов түзгөн “серый схемалардын” жанында кеп да болбой калат. Бүгүнкү күндө Ширшовдун схемасы ийгиликтүү уланып жатат. Мунун баарын тастыктаган документтер бар. Ал эми «Ататүрктөгү» окуя бул бир гана бөлүгү. Кыргызстандагы энергетика секторун толугу менен реформа кылыш керек. “Ататүрк” паркы дебей эле “Нахаловка” деп коюш керек. Сейил багындагы жерди тартып алышты, свет уурдашты, эми минтип журналисттерге кол көтөрүп жатышат.

- А.Малдыбаев көчөсүндөгү электр энергиясын уурдагандарга кандай чара колдоносуздар?

- Малдыбаев көчөсүндөгүлөр эч кандай каттоодон өтүшкөн эмес. Алар менен «Түндүкэлектрдин» ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн да эмес. Азыр төлөбөгөндөрдүн светин такыр өчүрдүк. Каалаган жерине барып даттана беришсин. Бул жакта да чоң коррупция бар экенин элдин баары билет. Депутаттар да тымпыйып унчукпай жатышат. Демек, алардын да тиешеси бар. Булардын таянгандары ошолор. Ошон үчүн буга чейин эч кимге баш ийишкен эмес. Бирок биз тиешелүү органдарга кайрылдык. Эми резонанс жаралып калгандан кийин жыйынтык чыгат деп ишенсе болот. Былтыр февраль айында «Түндүкэлектрдин» кызматкери 15 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол акчаны жолдон таап алгансып өкмөткө которуп берип суудан кургак чыгып кеткен. Ушул учур текшерүүчүлөр үчүн сезон болуп саналат. Алар азыр шумдук акча таап жатышат.

- Сиз айтып жаткан жалпы жоготуулар канча пайызды түзөт?

- Бүгүнкү күндө техникалык жана коммерциялык жоготууларды кошкондо 21 пайыздан ашат. Коммерциялык жоготуу 2 пайызга жакын. Калганы жабдыктар эски болгондуктан техникалык жоготууларга кетет.

- Электрдин уурдалышына текшерүүчүлөрдүн канчалык деңгээлде тиешеси бар?

- Электр жарыгын уурдагандардын өзүнчө бир технологиясы бар. Алар акчаны төлөбөй чогулта беришет. Светтин акчасы 50-60 миң болгондо контролер менен үй ээси жең ичинен соодалашып электр эсептегичти нөлгө түшүрүп коет. Убагында 2010-жылы Маматов деген текшерүүчү компьютерге кирип бардык көрсөткүчтөрдү 2 млн. сомго азайтып салган. Ноябрда Башкы прокуратура тарабынан иш козголгон. Эми болсо бир жарым жылдан бери ооруп атат деген шылтоо менен кылмыш иши токтоп турат. Мен азыр кайрадан иштин козголушун талап кылып жатам. Тоок уурдагандар камалганы менен миллиондорду уурдагандар дагы эле жыргап жүрүшөт.

Ушул инцидент боюнча тиешелүү тармактын адистеринин да пикирлерине орун бердик.

- Жамалбек ТҮЛӨБЕРДИЕВ, Энергетиктер ассоциациясынын президенти:

- Мен бул жактан эч кандай маселе көрбөй жатам. Электр энергиясы бул товар. Товарга акча төлөбөгөн кишиге бербеш керек. Светин кесип салыш керек. Эгер карызын бербей жатса тиешелүү органдарга кайрылыш керек, мыйзамда ушундай жазылган. Бул жакта текшерүүчүлөрдүн күнөөсү бар. Эмне үчүн бир жылдан бери аларга каршы эч кандай чара колдонбойт? Аларга каршы кылмыш ишин козгош керек эле. Билген жерлерине барышсын. Мыйзам алдында элдин баары бирдей. Төлөбөсөң өчүрөбүз деген система менен иштеш керек. Кеп байлардын энергияны көп колдонгонунда эмес, алардын такыр төлөбөй жатканында болуп жатат. Ошолордун аркасында Ак үйдүн 7-кабатындагылар турат.

- Турсунбек АКУН, Акыйкатчы:

- Биринчиден, «Ататүрк» паркынан жер алгандын баары мыйзамсыз жашап жатышат. Бакиевдин убагында Медет Садыркулов түрттүрөм деп биртоп аракет кылган. Ошондо канчалаган чиновниктердин аттары ачыкка чыкканда түрттүрө албай калышкан. Эми анысы аз келгенсип светке төлөбөй, журналистти сабашты. Журналисттер кол тийгис болуш керек. Алар 4-бийликтин өкүлү да. Бул деген жеткен наадандык. Бул ишти президент жеке көзөмөлүнө алды. Мен дагы ИИМге атайын кайрылдым. Парктагы үйлөрдүн тазаланарына көзүм жетпейт. Бирок журналисттер менен болгон инцидентти аягына чыгарып, сотко өткөрүш керек.

- Жаныбек ОМОРОВ, энергетика боюнча эл аралык эксперт:

- Бизде электр энергиясындагы жоготуулар көп жылдардан бери эле азайбай жатпайбы. Биринчиден, жанагыдай энергияны көп колдонгондор уурдайт. Экинчиден, энергетиктер өздөрү махинация кылышат. Муну азайтпаса энергетика кризиске такалары турган иш. Коңшу өлкөлөрдө деле биздегидей маселе бар болчу. Бирок алар милиция отрядынын жардамы менен бул маселени азайтышты. Негизи тарифтик торчо бардыгына бирдей болуш керек. Ал эми байларга башка тариф киргизүү деген туура эмес болуп калат. Андан көрө социалдык жактан жетишпеген үй-бүлөлөргө ар кандай жеңилдиктерди бериш керек.

- Атыркүл БАЛБАЕВА, «Түндүкэлектрде» башкы адис:

- Мен ошол Малдыбаев көчөсүндөгү рейдге өзүм катышкам. Кечээ карызын төлөбөгөн 4 үйдүн жарыгын өчүрдүк эле айрымдары келип төлөп башташты. Ал эми 200-400 миң карызы барлар келе элек. Менин жеке оюмда энергияны көп колдонгондорго өзүнчө тариф киргизсе деле туура болот. Анткени айылдагы жакыр адамдар жумурткасын өткөрсө да светтин акчасын калтырбай төлөшөт. Ал эми байлар бир да тыйын төлөбөй келишет. Уурулар менен мыйзам чегинде аеосуз күрөш жүргүзүш керек.

- Марат ТОКОЕВ, “Журналисттер” бирикмесинин төрагасы:

- Негизи журналисттер режимдик объекттерди тартканга укугу жок. Бирок жеке үйлөр андай категорияга кирбейт. Демек тартканга толук укуктары бар болчу. Бул жакта журналисттердин укугу тебеленип калды. Журналисттер ал кишинин үйүнө кирип алып жеке турмушун тарткан жок да. Эгер эч ким көрбөсүн десе чүмкөп жаап албайт беле. Журналисттерге байланыштуу кылмыштардын бети ачылбай жаткандыктан коомчулукта журналисттерге боло берет деген ой калыптанып жатат. Эми президент жеке көзөмөлүнө алып жатат. Эгер майнап чыга турган болсо чын эле бийлик сөз эркиндигин коргойт десек болот. Мамлекет журналисттерге шарт түзүп берип аларды коргогондо гана алар элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп беришет.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ, 11-январь, 2012-жыл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...