Акыркы макалалар

Депутат менен ардактуу консул кызматтарын айкалыштыруу сунушталууда

Жогорку Кеӊештин Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Игорь Гусаровдун чет мамлекеттин ардак консулу кызмат ордун Жогорку Кенештин депутатынын кызмат орду менен айкалыштыруу жөнүндөгү кайрылуусу каралып, талкуу жыйынтыгында депутат менен ардактуу консул кызматтарын айкалыштырып иштөөгө болбойт деген чечим чыгарылды.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бир эле мезгилде депутат менен ардактуу консул кызматтарын айкалыштырып иштөө эл аралык Вена конвециясынын талаптарына да, "КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө" сындуу бир катар улуттук мыйзамдардын жоболоруна да кайчы келерин билдирди. Мындай пикирди Мамлекеттик кадр кызматы да колдоду.

"Депутат эле эмес, дегеле мамлекеттик кызмат адамы чет өлкөнүн кызыкчылыгын көздөгөн кызматтарда иштей албайт. Ал эми депутат мамлекеттик жогорку саясий кызмат адамы болуп саналат. Депутат мамлекеттик жашыруун документтер менен иш алып барат. Ал өз иш-милдетине чет мамлекеттин ардактуу консулу кызматын айкалыштырса, анда кызыкчылыктардын кагылышуусу болбой койбойт", - дейт ал.

Депутат Гусаров тармактык комитет кандай чечим чыгарса, ага макул экенин билдирди. Ал буга чейин Словакиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу кызматын айкалыштырып иштеп келген. Тышкы иштер министрлиги буга чейин депутатка эки кызматты айкалыштырууга болбой турганын алдын-ала билдирген.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...