Акыркы макалалар

Зарылбек РЫСАЛИЕВ, Жаза аткаруу жана мамлекеттик кызматынын төрагасы: “Менде жашыруун маалымат көп, сот туура чече турган болсо

Зарылбек РЫСАЛИЕВ, Жаза аткаруу жана мамлекеттик кызматынын төрагасы:  “Менде жашыруун маалымат көп, сот туура чече турган болсо

Зарылбек Рысалиевдин Жаза аткаруу жана мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп келгенине эки айдын жүзү болду. Төрага менен келген кызматы, мекеменин жана түрмөнүн абалы жөнүндө баарлаштык.

- Зарылбек Кылычбекович, өкмөт кен байлыктарга лицензия берүү боюнча комиссия түзүүнү сунуштап, жыйын өткөрдү. Ага сиз каршы чыктыңыз. Дегеле өкмөттүн кылып жаткан ишине нааразыдайсыз...

-- Эми мындай да. Мамлекет башында бир таза орган туруш керек. Мисалы, “Кыргыз алтын”, «Мегаком», «Манас» аба майданы, «Кыргыз темир жолунда», Баажыканада коопсуздук комитетинин кишилери отурат. Аталган ишканалардын баарында жемкордук бар. Ал жерде коррупция жок деп ким кепилдик бере алат? Коррупциянын баары ушул жерде. Мына “Мегакомго” кылмыш иши козголгон. Кана ал аягына чейин чечилгени? Бул маселе дагы деле чечилбейт. Анткени, ал жерге баягы эле депутаттардын же коопсуздук комитетинин кишилерин алып келип коюп жатышпайбы. Туурабы? Өкмөт ушул ишти башынан аягына чейин жоопкерчиликти мойнуна алсын да. Эгер өкмөт оор жүктү мойнуна ала албаса, же бирөөнү ары-бери эле кызматка жетелей берсе, анда мындай өкмөттүн бизге эмне кереги бар? Ээрчишип жүрө бергенде эмне пайда? Биз эмнеге анда “Өкмөт”, “Парламент” деп бөлүнөбүз? Андан көрө “Ашар “ коомун түзүп албайлыбы!? Ар бир кызматта милдетти моюнга алганды үйрөнсөк жакшы болоор эле. Өкмөт өз ишин билиш керек жана таза, так кызмат кылышы абзел. Дегеле мамлекеттик кызматка жоопкерчиликти мойнуна алып, бир ишти бүтүрө алам деген киши иштеши зарыл. Жоопкерчиликке келгенде жайпалаңдап, жойполоңдобош керек! “Комиссия курамына депутаттарды жана коопсуздук кызматын киргизбеш керек. Коопсуздук кызматы бар жерде, жемкордук болот” дегеним да ошондон.

-- Сиз жетектеп жаткан мекемеде коррупция жок деп айта аласызбы?

-- Коррупция жок деп айта албайм. Колдон келишинче коррупция менен күрөшүп, аны жоготууга аракет кылып жатам. Бул жерде буга чейин жарытылуу эч нерсе кылынбаптыр. Жадагалса сайты жок экен. Жакында эле сайт ачып, ага тендер жарыяладык. Бир да жолу коллегиалдуу эч нерсе чечилбептир. Биринчи жолу коллегиалдуу кадр маселесин чечтик. Кадр маселесин жең ичинен өзүм деле чечип койсом болмок, туурабы? Мен андайга башынан эле каршымын. Жетекчилерди, коллективди чакырып алып, кызматкерлердин буга чейин кылган ишин, даражасын, ден соолугуна чейин карап чечтик. Буга чейин эмгеги сиңген бир дагы кызматкер турак жай албаптыр. Мисалы, Баткен, Ош окуяларына катышып келген кызматкерлерге мурунку жетекчилер (тигил, бул деп аттарын атагым келбейт) бир бир бөлмөлүү үй алып бербептир. Ал эмес кызматкерлердин кийимине көңүл бурулбаптыр. Камуфляж кийишет. Аны кимдер гана кийбейт. Аскер да, малчы да, селсаяк да, кыскасы баары кийет. Ар бир кызматкер кызматына жараша айырмаланып турушу керек да. Биздин мекеменин кызматкерлери ары жооптуу да, ары кооптуу да ишти алып барат. Түрмөдө иштеген канча деген кызматкер кылмышкерлердин колунан каза болду. Алар эскерилмек түгүл, дубалга сүрөтү илинген эмес. Жетекчиде кызматтык машина жок. Мисалы менде машина жок. Автоунаалардын баары жараксыз. Түрмөдө иштеген балдар 5 км жерге жөө барып келет. Кесилген кылмышкерлер үчүн поликлиника же госпитал салынбаптыр. Кылмышкерлерде сөзсүз туберкулез болот. Алар бала-чакасын сөзсүз жыттайт. Балдарына оору жуктуруп коюшу мүмкүн да, туурабы? Түрмөлөрдүн абалы өтө начар. Тосмолору сынып калган. Мунун баарына ким жооп берет? Албетте жетекчи жооп берет. Буга чейин иштеген жетекчилер эмне кылды билбейм. Эч нерсе кылган эмес.

Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, бу жерге тийешелүү мыйзамдар жетишсиз каралыптыр. Буга чейинки жетекчилер бир да жолу мыйзамга өзгөртүүлөрдү, сунуштарды киргизбептир.

-- Мисалы?

-- Мисалы, түрмөдө отуруп алып, “ачкачылык жарыялайбыз” деп жанындагыларды үндөсө, же ал жерде өзүн “хан” сезип, жаңы түшкөндөрдү коркутуп-үркүтүп, уруп-сабап тамагын тартып алып акчасын алса, же өлтүрүп койсо, же кызматкерлерди барымтага алса, биз эмне кылышыбыз керек? Кыскасы, түрмөдө отургандар шарттарды бузса, ага кандай чара көрүлүшү керектиги боюнча мыйзам так, даана жазылышы керек да. Кандай учурда биз аларга эскертүү огун чыгара алабыз? Же жанагыдай ачкачылык жарыяланганда аларга кандай чара көрө алабыз? Мына ушунун баары жазылбаптыр. Муну мурунку жетекчилер караш керек эле да. Буга чейин отургандардан бироонун атын атагым келбейт.

-- Учурда УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталиновдин соту уланып жатат. Ал Апрель окуясынан кийин Кыргызстандан кетип, Казакстанда жашап атканын сиз ИИМ жетекчиси болуп турганда бир нече жолу билдирген элеңиз. А эмнеге убагында кармаган жоксуздар? Өзү келип колго түшүп берди го?..

-- Убагында биздин балдар аны кармайбыз деп Казаксатанга барган. Бирок ал ордун өзгөртүп жиберип жаткандыгына байланыштуу кармалбай жүргөн. Суталинов Чимкент, Карагандада окуган. Ошол убакта, тагырагы, 2010-жылы Суталиновдун туугандары жоопкерчиликтүү кызматта турган, ошолордун жардамы менен башка жактарга орун алмаштырып, качкан.

Ал эми өзүнүн келип колго түшүүсү боюнча мен мурда айткам, дагы айтам. Мурат Суталинов бай адам эмес, акчасы жок. Акчасы түгөнүп, бара турган жери жок калганда “өлсөм дагы өз өлкөмдөн өлөйүн” деген ниет менен мекенибизге кайтып келди. Миллиондоп акча алып кеткендер Кыргызстанга келбейт.

-- Мисалы кимдер? Даректүү айта аласызбы? Сиз ИИМ министри болуп турганда, Мелис Турганбаев орун басарыңыз эмес беле. “Биз кармайбыз, башкалар качырып жиберет” деп Мелис мырза кейиген интервьюсун окуган элек. Кимди кимдер качырганын сиз ачык айта аласызбы?

-- Мелис Турганбаевдин сөзүндө калет жок. Чынында эле биз ИИМде иштеп турганда көп эле адамды кармап бердик. Биз Прокуратурага, прокуратура сотко өткөрөт. Кыскасы, бири-бирине баш ийбеген кызматтар пайда болуп, аягына чыкпай калганы ошондон.

-- “Оперативдик мүнөздөгү жашыруун маалымат бар. Керек болгондо ал маалымат сотто ачыкка чыгарылат” деп айткан сөзүңүз сайтка чыкты. Сиз көп нерсени билесиз, бирок эмнегедир ачылбай жатасыз. Эмнеге?

-- Менде өтө көп маалымат бар, бирок, мен аны айтпайм. Эгер сот туура чече турган болсо айтам, болбосо жашыруун боюнча өз ичимде калат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

18-январь, 2013-жыл

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...