Акыркы макалалар

2015-жылы Алымбек датканын 215 жылдык маарекесин өткөрүү пландалууда

Жогорку Кеӊешинин 2014-жылдын 31-декабрында кабыл алынган токтомуна ылайык, өкмөткө Алымбек датка Асан бий уулунун 215 жылдык маарекесин 2015-жылы өткөрүлө турган иш-чаралардын тизмегине киргизүү тапшырылды.

Жогорку Кеӊештин "Алымбек датка Асан бий уулунун 215- жылдык маарекеси жөнүндө" токтому анын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына кошкон салымын эске алынуу менен, тарыхты сактоо жана кыргыз элинин чыгаан уулу Алымбек датканын ысымын кийинки урпактардын эсинде калтыруу максатында кабыл алынган.

Ошондой эле, өкмөткө мамлекеттик комиссия түзүп, маареке боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана өткөрүү, 2015-жылдын республикалык бюджетинен каржылык каражат кароо тапшырмалары да берилди.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...