Акыркы макалалар

Чек ара көйгөйү өлкөнүн чекесине чыккан чыйканбы?..

Чек ара көйгөйү өлкөнүн чекесине чыккан чыйканбы?..

«Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» Союздан кийин Баткен чөлкөмүнүн бешенесине көп көйгөйлөр жазылган экен. Ошонун негизгиси – Өзбекстан жана Тажикстан менен 20 жылдан ашык убакыттан бери ажырымдап албай келаткан чек ара көйгөйү. Баткен облусунун чекесине чыккан «чыйкан» болду. А, чындыгында бул Баткен облусунун эмес, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара көйгөйү.

Чарбакта чатакты кимдер чыгарды?

Бүгүнкү күндө Баткен районунун 70 түтүн эл жашаган айылына 4-5 электр мамысы Өзбекстандын чек арасы тарапка курулуп калыптыр деген шылтоо менен 10 миң калкы бар Хушар кыштагынан 1000ге жакын Өзбекстандын тажик улутундагы жаштарынын мыйзамсыз түрдө кирип келип, чаң-тополоң салышы, мамыларды, дарактарды оодарып, автоунааларды талкалап, кыргыз жарандарын токмоктоп, денелерине ар кандай даражадагы жаракаттарды келтирип, өз аймактарына алып өтүшкөн аракеттери дүйнө коомчулугуна маалым болуп олтурат. Алар мындай жосунсуз жоруктары менен биринчиден, өз өлкөсүнүн, анан Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабагандыктарын көрсөтүштү. Өзбекстанда мыйзамдуулук катуу сакталчу эле го? Өз аймактарына визасы болбосо мышыкты да өткөрүшпөйт. Кыргыздар үчүн болуп жүргөн, боло берет деп жергиликтүү бийликтегилер да көз жумуп коюшканбы, аны мезгил көрсөтөр. Мындай ээнбаштыкка эл аралык коомчулук да туура бааларын берер. Карапайым элдин укугун тебелеп, материалдык зыяндарды келтиргендиктеринен да моралдык-психологиялык залакалары ашыкча болуп жатат. Жүздөгөн бөтөн адамдардын агрессивдүү дүрбөлөңү жаш балдардын, мектеп окуучуларынын, аялдардын, кары- картаңдардын үрөйүн учуруп, психологиялык жабырланууга алып келбеди деп эч ким кепилдик бере албайт. Облустук оорукананын башкы врачы Т. Айжигитовдун айтуусунда учурда окуя болгон аймакта дарыгерлердин тобу иштеп, медициналык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Газ орто мектебинин директору Зулпукаар Балтабаев: « Бир эле Чарбак айылында эмес, ага жанаша Согмент, Газ айылдарындагы мектеп окуучуларынын да маанайы түшүп, кандайдыр бир психологиялык кыйналууга кабылгандыгы байкалат. Окуя болгон күндүн эртеси Баткен райондук билим берүү бөлүмүндө райондун бардык мектептеринин директорлору чогулуп, Чарбак айылынын окуучуларына жардам берүү марафонун уюштурдук», – дейт.

Окуядан кийин…

Алакандай айылга башка мамлекеттен эл бузарлардын “чабуул” коюусуна кыжырдануулар пайда болбой койгон жок. Баткен облусунун, райондун жетекчилеринин, айыл аксакалдарынын убагында туу¬ра тарбиялык түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндүгү элди сабырдуулукка чакырды жана тынчтыкты камсыз кылды.

Окуя болгон күндөн кийин эле Баткен районунун Кыштут, Дара айыл аймактарындагы чек ара айылдарынын бардыгынын жашоочулары Өзбекстандын тилкелерин аралап өтүүчү жол каттамдарын токтотушуп, Акаевдин убагында курула баштаган кокту, адыр-тоону аралап өтүүчү «Акайдын жолу» деп аталып калган айланма жол менен каттам түзө башташкан. Бир гана туш тарабы тоо менен курчалган Бөжөй, Сай айылдары арасат абалда калды. Сох анклавы аркылуу каттамдагы Баткен- Кызыл-Кыя жолундагы аралыкта да 20 чакырым асфальтсыз айланма жол азабы пайда болду. Ошол эле учурда кыргыз атуулдары окуянын андан ары ырбоосун болтурбоо максатында Өзбекстандын эки чоң элдүү конушун байланыштырып турган жолдун Кыргызстан тараптагы чегинен тосууга мажбур болушкан. Натыйжада эки- үч күндүн ичинде Өзбекстандын Сох районунда бензиндин, көмүрдүн баବ-

сы кескин түрдө көтөрүлдү. Бензин, көмүр кандайдыр бир жолдор менен Кыргызстан тараптан өтүп, кошуналарды камсыз кылып турган.

Эки облустун жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин күнөөсүз эле жерден кармалып кетишкен кыргыз жарандарынын бардыгы бошотулуп, өткөрүлүп берилген. Алардын ичинен оор жаракат алышкан тургундар облустук ооруканада дарыланышууда. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун билдиргени боюнча Чарбак айылындагы келтирилген зыяндар, анын ичинде талкаланган, залакат алган аватоунаа¬лардын чыгымдары толук бойдон Өзбекстан тараптан төлөнүп бериле турган болгон. Ал эми башка мамлекеттин чек ара аймагына мыйзамсыз кирип, мүлк талкалоо, адам укугун тебелеп, адам уурдоо сыяктуу кылмыш фактылары боюнча эл аралык эрежелерге ылайык иштер жүргүзүлмөкчү.

Байланыш жок Бөжөй менен Сай

Эки тарапка тең түйшүк салып, айрыкча кыргыз айылдарына материалдык, моралдык- психологиялык зыян алып келген кайгылуу окуянын себебин аныктоо, Баткендин чекесине 20 жылдан бери «чыйкан» болуп чыгып, бүгүнкү күндө «балалап» жаткан чек ара көйгөйүн мамлекеттик деңгээлде эми чечпесек болбойт экен деген бийликтегилер биринин артынан бири, ошол эле учурда арыз- даттануулары, талаптары кайнаган чек ара аймактарынын жашоочулары облус борборуна келе башташты.

10-январь. КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков жана Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров Бишкек – Баткен каттамындагы учактан түшөрү менен аэропортто Айдаркен шаарчасынан, Бөжөй, Сай айылынан келишкен 100дөн ашык элдин тобу аларды тосуп чыгышып, арыз-муңдарын билдире башташты. Бул жолугушуу облустук админис-трациянын чоң залында улантылып, эл тарабынан «Бөжөй, Сай айылдары эч бир тарап менен байланышсыз калды. Эл кыйынчылыкка дуушарланды.Тез аранын ичинде көз карандысыз жолдун курулушун баштоо¬ну өкмөткө чечкиндүү коюп бергиле, Баткендин чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө бийлик эмне үчүн жогорку деңгээлде маани бербей жатат, эмне үчүн чек ара аймактары үчүн бюджеттен каражат бөлүнбөйт?» деген сыяктуу суроо-талаптарды коюшту. Облус жетекчиси Жеңиш Разаков маселени чечүүнүн үстүндө Бишкекке шашылыш барып келгендигин, эртеңки күндө өкмөттүк комиссия келерин, бул жолу маселе чечилерин айтты. ЖКнын депутаты Баткен облусунун чек ара көйгөйлөрү үчүн 2011- жылдан бери бюджеттен каражат бөлгүлө деп какшап, зарлап маселе коюп келаткандыгын, бирок, жалпы колдоого ээ болбой калып келгендигин өкүнүч менен билдирди. Жыйын бүткөн соң эл « Баткендин патриот уулусуң Улукбек, дагы бир жолу чечкиндүүлүгүңдү көрсөтүп ушул жерде Премьер-ми¬нистр менен биздин көз алдыбызча сүйлөшүп бер¬бесең, биз сени чыгарбайбыз” деп туруп алышты. У.Кочкоров КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбал-

диев менен ошол жерде телефон байланышына чыгып, анын жообун эл өз кулактары менен угушкандан кийин гана тарап кетишти.

Депутаттар чек ара айылдарында болду

Баткенде жүз берген окуя ошол эле күнү парламентте да тынчсызданууну пайда кылып, ЖКнын депутаттары КРнын Өкмөтүнө атайын өкмөттүк комиссия түзүүнү сунуштап кат жөнөткөндөн кийин, курамында Т.Зулпукаров, У.Кочкоров, Э.Эрматов, Н.Нарматова, Б.Мамы¬рова болгон депутаттык топ түзүлүп, Баткен облусунун коомчулугу менен жолугушуу өткөрүп, чек ара айылдарында болушту.

Депутаттар айланма жолдордун азабы менен баратышып, ар бир айылда сууктун күнүндө айткандарыбыздан бир майнап чыгар бекен деген үмүт менен күтүп турушкан элди өз көздөрү менен көрүштү. Токтоп жолугушту. Короо-жайларына киришип, бүгүнкү жашоолорунун оор акыбалда экендиктери менен таанышышты. Айрыкча, аял, бала-чакалардын, кары-картаңдардын муңайыңкы жүздөрүнө, үмүттүү көздөрүнө күбө боло алышты. Күн батып, караңгы киргенде да ачык асманда жагылган оттордун жарыгындагы жолугушууларда 20 жылдан бери аткарылбай келаткан элдин талабы айтылып бүтпөй жатты. Айта кетүүчү бир нерсе, тоо арасындагы чек арачы 7 айылда Кыргызстан боюнча жер үлүштөрү эң аздан тийген, кээ биринде жок. Бир үй-бүлө ашып кетсе 4-5 сотых жерге иштешет. Дыйканчылык кылуу, тоют камдоо үчүн 70-80 чакырым алыстыктагы Параң, Төө-Таш деген тилкелерге барышып, ижарага жер алып иштетишет. Аталган айылдарда уюлдук байланыш начар, кээ бир элдүү конуштарда такыр эле жок. Радио, телевизор бул аймактарда Өзбекстандын каналдарынан кудуктун ичинен да тартат, ал эми кыргыз каналдары өтө начар көрсөтөт. Кыргызстан эгемен болгондон берки убакыттын ичинде аталган чек ара айылдарында элге зарыл социалдык көзгө тутар курулуштар курулган эмес. Медициналык тейлөөнүн абалы төмөн. Жаштардын арасында миграциянын агымы жогору.

Ушулардын баары менен таанышып чыгышкан депутаттык топтун ар бир мүчөсү кайдыгер калбады. Вице-спикер, топтун жетекчиси Төрөбай Зулпукаров: « Ушундай жерде, ушундай шартта жашап кыргыз элинин намысын коргоп турган ар бир чек арачы үй-бүлөнү баатыр деп атасак болот» деди.

Вице-спикер эмне дейт?

Жогорку Кеңештин депутаттык тобуна негизинен көп жылдардан бери көйгөй болуп келаткан Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш тилкелерди тез арада аныктоо менен деморкация жана делимитация иштеринин аягына чекит коюу, Баткен облусунун чек араларын чыңдоо максатында бюджеттен каражат бөлүштүрүү жана ар бир чек ара айылын социалдык жактан өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу жана аны иш жүзүндө турмушка ашыруу, жер, суу, жайыт, жол маселелериндеги көйгөйлөрдү чечүү. Өзбекстандын жарандары үчүн бир жерден гана өткөөл жолду ачуу, чек ара айылдарына өзгөчө статус берүү, КРнын өкмөтүнүн облустук өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын мурдагы калыбына келтирүү талаптары аталды.

Кайсыл жерде болбосун мына ушул талаптар коюлуп жатты. Бул боюнча маектешкенибизде вице-спикер Төрөбай Зулпукаров өз оюн мындай билдирди:

– Эми КРнын өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссия чоң жоопкерчилик менен иш алып барат деп ойлоймун. Баарынан мурда чек араны ажырымдап албасак, учкундан жалын тутанып кетчү окуялардын болушу мүмкүн экендигин, Чарбакта болгон терс көрүнүш көрсөттү. Бул жердеги окуяга өзбек тарапка тургузулган электр мамылары эмес, Кыргызстандын чек ара заставасынын ачылышы себеп болууда деген айыл тургандарынын айткандары туура. Анткени, застава курулгандан кийин өзбек жарандары мурдакындай кыргыз жайлоолоруна ээн-эркин өтө алышпайт. Ал эми Баткендин чек ара көйгөйлөрүн чечүү, зым торлор менен тосмолоо жана башка максаттар үчүн бюджеттен каражат бөлүштүрүүнү депутат У. Кочкоров кайра-кайра көтөрүп келе жатат. Ушул окуядан соң бул маселе чечилет. Депутат Н.Нарматова айткандай, 2013-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилүү менен жалпы эле түштүк чөлкөмүнүн чек ара аймактарына каражат бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Эми айтсак, жалпы республика боюнча 61 айылга өзгөчө статус берилген болсо, ошонун ичинен 51и Баткен облусунда, 25и Баткен районунда. Тилекке каршы, бул ишке ашпай келе жатат. Мындан ары маани берилет деп ойлоймун. Ошондой эле өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарынын ролу жогорулабаса болбойт. Маселен, эртең Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору кел, сүйлөшүп, документ түзүп, кол коёлу” десе биздин өкүл эмне дейт?..

Сөз соңунда…

Чарбак айылында автоунаа баратат… Анын бир дөңгөлөгү Кыргызстандын, экинчи дөңгөлөгү Өзбекстандын чегинде. …Ошол жолдун бойлору кыргыз жарандарынын турак үйлөрү. Канчалаган жылдар көңүл бурулбагандыктан, бийликтин алсыздыгынан босогобузга

чейин кошуналар кирип келиптир. Ушул көйгөйдүн айынан чыр- чатак мурда да чыгып жүргөн. Бирок, мынчалык агрессивдүү болбогон. Эми дагы эле көңүл бурулбаса айылдын тагдырын, келечегин элестетүү кыйын. Ушундайда бийлик саясий эркти көрсөтүш керек! Ушундайда маселени чечүү зарыл.

Адилбек БАТЫРОВ, журналист, Баткен шаары

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...