Акыркы макалалар

Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан биротоло кетүүгө арыз берди

"Азаттыктын" Ак үйдөгү ишенимдүү булактары кабарлагандай, Аида Салянованын кызматтан биротоло бошотууну суранып, президентке жолдогон арызы 19-январь күнү президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевге тапшырылды.

Башкы прокурордун кызматтан кетээр-кетпеси эми президент анын отставкасын кабыл алар-албасына көз каранды болот.

Мыйзам боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотууга Жогорку Кеңештин дагы макулдугу зарыл.

Буга чейин Аида Салянова 20 күндүк эмгек өргүүсүнө чыкканы, андан кийин биротоло кызматтан кете тургандыгы 25-декабрда кабарланган.

Президент Алмазбек Атамбаев 29-декабрда Башкы прокурорду "II даражадагы Манас" ордени менен сыйлоо боюнча жардыкка кол койгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...