Акыркы макалалар

Кыргыз футболчулары Орусия курамасы менен беттешет

Кыргыз футболчулары Орусия курамасы менен беттешет

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан "Шериктештик" кубогунун алкагында, бүгүн, 19-январда Кыргызстан менен Орусиянын жаш курама командалары беттешет. Бишкек убактысы боюнча, 22:00до баштала турган оюндун жүрүшүн мелдештин расмий сайтынан жана “Мир” телеканалынан көрүүгө болот.

18-январь күнү Кыргызстан менен Латвиянын курамалары майданга чыгып, беттеш 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми 16-январдагы тайпалык тандоо мелдештеринин алкагында да Кыргызстандын футболчулары Молдова курамасы менен 1:1 эсебинде тең чыккан.

"Шериктештик" кубогунун оюндары 25-январга чейин уланат. Ага Азия жана Европадагы 12 өлкөнүн улуттук курамаларындагы 21 жашка чейинки футболчулар катышууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...