Акыркы макалалар

Баткен облусунда 3000 килограмм буйволдун эти кармалды

Баткен облусунда Индиядан келген 3000 килограмм буйволдун эти кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин облустук бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөбүздүн такталбаган чек ара тилкелери аркылуу аткезчилик жол менен Ооганстан аркылууТажикстанга келген буйвол эти, эми ортомчулар аркылуу Кыргызстанда да тарай баштаган.

«Буйволдун этинде Африка өлкөлөрүндө кездешүүчү жугуштуу оорулардын вирусу болушу ыктымал. Сырттан келген буйволдун эти Баткен аркылуу Бишкек шаарына чейин жетип, өлкөбүздөгү соода түйүндөрүндө жана ашканаларда сатылмакчы. Мөөнөтү эбак өтүп кеткен буйволдун эти базарда уй эти катары сатылаары турган иш. Андыктан,ашканалардагы эттерден абайлаш керек»-деп эскертет, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Эркин Таштанов

Буга чейин да Тажикстандан буйволдун этин Кыргызстанга мыйзамсыз алып киришкен жарандар Мамлекеттик Улуттук Кооопсуздук Комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.Учурда бул факт боюнча прокуратура кызматкерлери иликтөө иштерин жүрүгүзүп жатышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...